Ош шаарынын Черемушка кичи районундагы батирлердин биринде эки буту баспай калган Нурбек Боронов жалгыз жатат. "Ал кароого муктаж, бирок бир туугандары, жакын адамдары жок", - деп билдирди бүгүн, 24-июлда Нурбектин атын атагысы келбеген коңшусу SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, Нурбекти батирге шаардагы сулуулук салондорунун биринде иштеген кыздар алып келишип, батиринин акысын төлөп кетишкен.
"Ал кыздар кайрымдуулук кылып батирдин акчасын төлөштү, кечкисин тамак-аш алып келип берип турушат. Эч кандай тааныштыгы жок, жөн гана жардам берип жатышат. Бирок Нурбектин буту баспагандыктан күнүмдүк муктаждыктарын аткаруудан, тамак-аштан кыйналат. Бизге коңшу болуп келгенден бери анын батирине кирип, чай берип турам. Ал бул абалы тууралуу коомчулукка билдирүүнү каалап, бирок кайда кайрылууну билбей жүргөн экен", - деди ал.
Нурбектин билдирүүсүнө ылайык, ал мындан 4 ай мурун кокусунан жыгылып, жамбаш сөөктөрүнөн жаракат алган. Атасы каза болуп калган, 60 жаштагы апасынын да буту жакшы баспайт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
"Учурда апасы да боорукер адамдардын кароосунда экен. Мен барып жеринен көрүп келдим. Шаардагы барак тибиндеги батирге киргизип коюшкан. Ошол жердеги коңшулары тамак берип турушат. Ал эми Нурбек жыгылганда кароосуз калып, жаракат алган жерлери курттап кеткен. Ошондон кийин гана ооруканага жаткырылып, 3 айдан ашык дарыланып чыкты. Азыр жаракаты мурункусунан жакшы болгону менен, дагы деле баса элек. Денесиндеги жаралар да толук айыккан эмес. Нурбектин колунда жок болгондуктан дары каражаттарын сатып ала албай жатат. Каражат болсо жакшы көңүл бурган дарыгерлерге көрсөтсөм жакшы болуп кетишиме көзүм жетет деп жатат", - дейт Нурбек Бороновдун коңшусу.
Нурбек Боронов 1987-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында төрөлгөн.