Liglass Trading компаниясынын башчысы Кыргыз журналисттерине качан жыйын өткөрөрү белгисиз

Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС кура турган чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясынын директору Михаил Смелик журналисттер үчүн бүгүн, 26-июлда жыйын өткөрөрү айтылган. Азырынча жыйын өтө турган дарек, убак, жадакалса күнү тууралуу маалымат белгисиз бойдон калууда. Ал эми чехиялык компания менен иштешкен Кыргыз ишканалары да бул тууралуу маалыматка ээ эмес экенин SUPER.KG порталына билдиришти.

"Чехиялык компания менен келишим күчүндө. Жыйын качан өтөрү белгисиз", - дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин басма сөз катчысы Рысбек Токтоналиев.

Ошондой эле Улуттук энергохолдингинин басма сөз кызматы да бул тууралуу кабардар эмес экенин билдирип, компаниянын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн байланыш номерлерин берүүнү өтүнгөнүбүздө, "Электр станциялар" ААКсына кайрылууну сунушташты. "Электр станциялар" ААКсы чехиялык ишкана менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети иштешип жаткандыктан, комитетке кайрылууну айтышты. Ал эми комитетке байланышканыбызда, "Liglass Trading CZ" компаниясынын өкүлчүлүгүнүн байланыш номерлери жоктугун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан