БШКнын мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагына катышуусу боюнча маселени сот чече турганын айтты

Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагына катышуусу үчүн сотко кайрылуусу керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июлда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, камактагы талапкердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу мыйзамда жазылбаптыр. Мыйзамды чыгарган парламент расмий түшүндүрмөнү бериш керек экенин айтты. Шайлоо бүткөндөн кийин бул маселеге кайрыла тургандарын билдирип, Текебаевдин маселеси чоң тажрыйба болгонун белгиледи. Ал аталган комиссия шайлоону уюштуруп, бирдей шарт түзүп берүү керек экенин айтат. Эгерде сот талапкерди тестке катышсын деген чечим чыгарып берсе, сынактын мөөнөтүн жылдырып бере алыша тургандарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-июлда Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчкө каршылык көрсөткөн. Сот кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып, өтүнүч четке кагыларын оозеки айткан болчу. Жактоочу Канат Хасанов өтүнүчтү четке кагуу боюнча оозеки чечими жарабай турганын, БШКга документ катары тапшырууга кагаз түрүндө жазып беришин талап кылган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү үчүн кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан