Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримовага Кылмыш кодексинин 6 беренеси менен айып тагылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматына таянып "РИА Новости" маалымат агенттиги жазууда.
Ал эми Өзбекстандын жергиликтүү Gazeta.uz маалымат каражаты мурунку мамлекет башчысынын кызына алдамчылык, чет элдик акча валюталарын жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, соода эрежелерин бузуу, жасалма документтерди даярдоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштыруу беренелери менен айыпталганын жазган.
"Тергөө-иликтөө иштери көрсөткөндөй, Гүлнора Каримова чет өлкөлөрдө 1,4 миллиард доллар, 63,5 миллион евро, 27 миллион фунт стерлинг жана 18,5 миллион Швейцария франкын каткан кылмыштуу топко кирген. Кылмыштуу топ акча каражатын Улуу Британия, Франция, Германия, Швейцария, Орусия жана Латвияга каткан. Өзбекстандын прокуратурасы кылмыштуу топтун каржылык активдерин камоо боюнча аталган өлкөлөргө кайрылуу жасаган", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
2013-жылы Каримовага карата салык төлөөдөн баш тартуу, кылмыштуу топко кирүү, опузалап талап кылуу менен акча каражатына, мүлк объекттерине ээ болуу, документтерди жок кылуу жана катуу фактылары менен кылмыш иши козголгон.
“Каримованын күнөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Н.Содиков, Р.Мадумаров, Ш.Сабировдун жана башка күбө, жабырлануучулардын көрсөтмөсү менен ачыкталды. Бул фактылар боюнча 45 чарбакер субъект, 16 оффшордук компания, жазуу түрүндөгү жана заттык далилдер текшерилип, экспертизалардын жыйынтыгы анын күнөөлүү экенин далилдеди”, - деп билдирген Өзбекстандын башкы прокуратурасы.
2015-жылы Каримовага уурдоо жана алдоо айыптары менен 5 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган.
Гүлнора Каримова Ислам Каримовдун улуу кызы. 1972-жылы 8-июлда Фергана өрөөнүндө төрөлгөн. 1994-жылы Ташкент мамлекеттик эл аралык экономика бөлүмүндө окуган. Ал эми 2000-жылы Америкадагы Гарвард университетинен магистр илимий даражасын алган. Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор. 1995-жылдан баштап Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеген. Андан сырткары Өзбекстандын Америкадагы, Орусиядагы, Швейцариядагы жана Испаниядагы элчиси кызматтарын аркалаган.
1991-жылы этникалык өзбек, Американын жараны Мансур Максудиге турмушка чыгып, 2 балалуу болушкан. 10 жылга созулган никеден кийин Каримова менен Максуди ажырашуу чечимин кабыл алышып, соттук иши 2 жылга созулуп, экөөнүн чатагы эл аралык деңгээлге чыккан.Гүлнора Каримова Googoosha деген лакап ат менен эстрада ырчысы катары дагы таанымал.
2003-жылы Ислам Каримов кызы Гүлнора Каримованы мураскер кыла турган ниетин билдирген. Ошол эле учурда Өзбекстандын атайын кызматы Ислам Каримовго мураскердин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө жана анын мусулман аялдарына тескери келген жүрүм-туруму тууралуу маалымат беришкенден кийин Гүлнора Каримова үй камагына алынган. Ошондон көп өтпөй Каримованын дайыны белгисиз болуп жаткан. Айрым маалымат булактары аны "өлдү" деген маалымат тараткан. Бул билдирүүгө көпчүлүк Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатына келбегенде ишенген. Бирок көп өтпөй Гүлнора Каримованын атасына арнап жазган ыры чыгып, коомчулукка жарыяланган. Айрымдар чыгарма Ислам Каримов каза болгонго чейин жаралган деп айтышкан.
Эскерте кетсек, Өзбекстанды 1991-жылдан тартып башкарган Ислам Каримов 2016-жылдын 2-сентябрь күнү көз жумган.