Интернетке Патрулдук милициянын формасын кийбей кызматтык унаада отурган адам менен айдоочунун чыры тууралуу видео тарады

Интернетке Патрулдук милициянын кызматтык унаасында отурган адамдан милициянын формасын, документин талап кылган жарандын видеосу тарады. Видеого тартып жаткан адам андан милициянын формасы менен документин сураганда ал "сотрудник эмесмин" деп жооп берип, видеого тартып жаткан адамдын колундагы телефонду тартып алган.

Видеону Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жүктөгөн колдонуучу: "Адаттагыдай эле Патрулдук милиция токтотту, бирок бул кызматкердин кызматтык формасы жок экен. Ал Патрулдук милициянын кызматкери деген документин көргөзүүдөн да баш тартты. Унаанын документин алып алгандан кийин кайтарып бергиси келген жок. Аягында жөн эле телефонду колдон жулуп алды", - деп жазат.

Окуя 31-июль күнү Бишкек шарындагы Түштүк Магистраль көчөсүндө болгондугун интернеттеги билдирүүнүн ээси SUPER.KG порталына бүгүн, 2-августта кабарлады.

Формасыз ПМ кызматкери айдоочуну токтотуп, документин көргөзбөй чыр чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-02 17:01:10
Чыныгы милиция жүзү ушул! А теледен сүйлөгөн жакшы формачан байкелер жөн гана показуха. А негизи телефонду жулуп алмай, ары бери уруп салмай булардын адаты. Далилдеп көр анан. Сен да урсаң дароо заява жазышат өздөрү, видеого тартышат..
+3
kayrat1985
2017-08-02 17:06:35
Коррупция коррупцияны токтотушубуз керек кыргыз элим!!!!!!!
+4
Azat.97
2017-08-02 18:12:35
Супер ИИМ менен байланышып озунон коммент алып бергилечи
0
Makain
2017-08-02 18:22:39
Бул дайыма эле журот менттер менен
0
anash
2017-08-02 18:30:58
Men dagy kop korgom kim bul ozu men dagy aytkam buga forman kana dep?super info iimden taktap kisonor kimeken tolko akcha almai bulardyky
0
Ago
2017-08-02 18:53:36
ЭЭЭй кыргыздар силер кандай тушунбойсунор??? Бул жаны МИНИСТРДИН реформасы!
0
Azamat_15
2017-08-03 01:26:28
Шамдагай го
+1
s.k.bakyt
2017-08-03 08:55:23
Мен кечээ комент калтыргам, админ эмне үчүн өчүрүп салдың?
0
admin_superstan
2017-08-03 09:11:56
s.k.bakyt, саламатсызбы? Тартип бузуулар болсо билдирүүлөр өчүрүлөт. Бирок сиздин бир да комментарийиңиз өчүрүлгөн эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан