Бишкектеги Ботаникалык бакта 6 гектар куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын техникалык иштер боюнча жана өрттү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташманбетов билдирди.
"Ботаникалык бактагы өрт кечки саат 15:41лер чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Тилсиз жоо кечки саат 19:24тө өчүрүлгөн. Жалпысынан 6 гектардагы кургак чөп күйүп кетти. Ошондой эле майда көчөттөр жалындын арасында калган. Өрттүн чыгуу себеби тургундардын этиятсыздыгынан деп болжолдонууда. Азырынча канча чыгым болгону белгисиз", - деп билдирди Ташманбетов.