Президенттикке аттанып жаткан талапкердин 56сы калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Ал эми 32 жаштагы Куттубек Бешбаков анын жашы талапка жооп бербегендиктен четтетилди. Мыйзамга ылайык, 35 жаштан жогору жаштагы жарандар гана президенттикке талапкерлигин көрсөтө алат.
- Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;
- Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Арстанбек Абдылдаев, “Ауирдин” ишканасынын директору;
- Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;
- Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
- Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;
- Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;
- Таалатбек Масадыков, эл аралык эксперт;
- Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Замира Муратбекова, пенсионер;
- Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушу жок;
- Сагынбек Абдрахманов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы;
- Мукар Чолпонбаев, “Мукар жана профи” юридикалык мекемесинде жактоочу;
- Кубан Чороев, "Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу" коомдук фондунун төрагасы;
- Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты;
- Игорь Трофимов, "Сергий Радонежский жана "Айкөл Манас" атындагы укук коргоо борбору" компаниясынын башкы директору;
- Максатбек Жумабеков, убактылуу жумушу жок;
- Руслан Жунусов, "Шматрица" ЖЧКсынын башчысы;
- Шерикул уулу Мирлан;
- Арсланбек Малиев, "Аалам" партиясынын лидери;
- Азимбек Бекназаров, мурдагы башкы прокурор;
- Токтобүбү Таласбаева, "Улуу чындык" коомдук фондунун башчысы;
- Дамира Токтосунова, ЖЧКлардын биринде консультант болуп иштейт;
- Садыр Жапаров, экс-депутат;
- Токтайым Үмөталиева, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы;
- Алмазбек Каримов, "ЮТС" ТРКнын башкы директору;
- Калмамат Мактымбаев, пенсионер;
- Марта Кадыралиева, коомдук-саясий ишмер;
- Казыбек Шайымбетов, пенсионер;
- Муканбайжан Айманбаев, убактылуу жумушсуз;
- Эрнис Зарлыков, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
- Темиркул Өмүралиев, убактылуу жумушсуз;
- Акбаралы Айтикеев, ишкер;
- Талгатбек Кожогулов, коомдук ишмер;
- Акылбек Мансуров, «Ридуан» ЖЧКсынын башкы директору;
- Полотбек Кенжекулов, "Полот бек" коомдук фондунун президенти;
- Марат Иманкулов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары, пенсионер;
- Өмүрбек Бөлтүрүков, "Бөлтүрүк" дыйкан чарбасынын башчысы;
- Камил Токтобаев, пенсионер;
- Роман Ремнев, укук коргоочу;
- Аскарбек Абышкаев, «Кыргызпромтезнология» ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси;
- Советбек Абыкулов, ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси;
- Бакыт Керимбеков, Кыргыз Республикасындагы пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
- Марат Мергенов, адвокат.
Ал эми 11 талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү:
- Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери;
- Турсунбек Акун, "Адам укугу" партияcынын лидери;
- Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери;
- Сооронбай Жээнбеков, КСДП партиясынын өкүлү;
- Камчыбек Ташиев, "Ата Журт" партиясынын лидери;
- Ахматбек Келдибеков, "Ата Журт" партиясынын лидери;
- Исхак Масалиев, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын лидери;
- Темир Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери;
- Турат Акимов, "Чоң казат" саясий партиясынын өкүлү;
- Канат Исаев, "Кыргызстан" саясий партиясы.