Айпери Медет кызы күрөш боюнча кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугунан Кыргыз тарыхындагы алгачкы алтын медалды алып келди

Айпери Медет кызы күрөш боюнча жаш кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугунан Кыргыз тарыхындагы алгачкы алтын медалын алып келди. Бул тууралуу күрөш боюнча Кыргыз кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, Айпери Медет кызы жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 72 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алтын медаль жеңип алган.

"Айпери Кыргыз курамасынын капчыгына алтын медаль алып келгенге үлгүрдү. Бул чоң жетишкендик. Анткени биз, Кыргыз тарыхында биринчи жолу жаш кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңип алдык", - деди Нурбек Изабеков.

"Бардыгы аябай жакшы өттү. Мен үчүн оор эле болду, бирок мен ага карабай жалпысынан 4 беттеш өткөрүп, жеңишке жеттим", - деди өз сөзүндө Айпери Медет кызы.

Эске салсак, Финляндиянын Тампере шаарында 1-6-август аралыгында өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбан Ясухи Мацуюки менен беттешип, 8:6 эсеби менен жеңип алган.

Аталган мелдешке 14 Кыргыз балбаны катышып, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Роман Ким күмүш медалдарын, эркин күрөш боюнча Акбар Кенжебек уулу коло медалын жана кыздар арасындагы мелдеште Айпери Медет кызы алтын медаль, Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип алып. Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 5-орунга ээ болгон.



Айпери Медет кызынын Дүйнө чемпиондугундагы финалдык беттеши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tansuluu09
2017-08-08 18:39:10
Молодец
+10
Munar8625
2017-08-08 18:44:21
куттуйтайбыз уйбулообуздун атынан
+5
jonne
2017-08-08 18:54:57
Кандай сонун толкундану менен кордум кутуктайм бактылу бол Айпери
+7
ALMAAAN
2017-08-08 18:58:49
Молодец дагы ийгиликтерди жаратып журо бер
+2
Azatbek83
2017-08-08 19:34:24
Азаматсын Айпери бул кызга квартира автомобиль подарка кылышсын акчалай сыйлык берсин Данк медаль берсин.Духун Рухун Маанайын которуп ошондо Айпери эле эмес башка спортсмендерибизда женишке аракет кылышат.Дагын анын жарым проценти окмоттуку деп алып койбогула.Ушул кызга тош белги берсенер эл ыраазы болот.Кайактагы кечеле бироолордун ырын ырдап казак озбектин ырын которуп ырдап койсо эле тош белги берип эл артист эмгек синирген артист деп данк медалды бергенди токтоткула.Тош белгиге кыргыз элине
+25
elmurat.kg
2017-08-08 21:40:42
бул кызга инстаграммдан запрос жонотсом.кошуп бардык суротторумо класс басыптыр
+4
realbek89
2017-08-08 22:14:52
Кыргыздын сыймыгы,буюрса дагы алдыда чон ийгиликтерди багынтасын карындашым
+1
Aruwka.89
2017-08-08 22:25:11
Эх кандай гана жагымдуу жанылык
Супер жалан гана ушундай конул жылыткан жанылык чыгаргылачы
Мекенибиздин сыймыгы Алга!!! Женишин кут болсун!!!
+5
ayjan_90
2017-08-08 22:43:32
Азаматсын алтын кыз десе элиндин жериндин намысын коргодун ийгилигин кут болсун эч качан чокпо
+2
futboler
2017-08-08 23:15:33
Азаматсын, коруп алып сыймыктанып отурам
+2
grace
2017-08-08 23:22:46
Айпери куттуктайбыз, жеңишке ээ болуп Кыргызстандын желегин көтөрдүң!Келечекте олимпиада оюндарынын чемпиону болосуң деп ишенебиз.
+4
Kuba-savai87
2017-08-09 00:07:35
Азаматсын дагы дагы ийгиликтерди багынта бер
+1
Kg.arts.
2017-08-09 00:11:26
Акжол да келдиби?
+1
bakulya2015
2017-08-09 09:54:31
Жакшы жанылык куттуктайбыз омурунуз узун болсун ушунтип желегибизди желбиретип журо бериниз ата энениздинда омуру узун болуп жакындарынызды кыргыз элибизди кубандырып журо бериниз Аллла ыраазы болуп ар убак колдосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан