Финляндиянын Тампере шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар финалда жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалдарына ээ болушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөш стилинде 55 килограммга чейинки салмак ченинде Европа чемпиону түркиялык Керем Кемаль менен күрөшүп 3:12 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында Кыргыз балбан күмүш медалдын ээси болду.
Дагы бир Кыргыз спортчу Роман Ким 120 килограммга чейинки салмак ченинде грузиялык Зваиди Патаридзе менен күрөшүп жеңилип калды. Роман Ким 2-орунга ээ болуп, күмүш медалын тагынды.
Эске салсак, буга чейин жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов америкалык спортчуга жеңилип, күмүш медалына ээ болгон.