Интернетке "Бекназаров менен Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудио тарады. Аты аталгандар аудионун монтаж экенин айтышууда

Кечээ, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган.

"Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркуловдун SUPER.KG порталына айтканына караганда, аудио катардагы чагым жана толук монтаждалган.

"Бул катардагы чагым, толук монтаждалган. Текебаевге карата соттун өкүмү чыгар алдында атайылап элди ынандырыш, коомдук пикир жаратуу үчүн жасалган. Буга чейин деле саясатчылардын сүйлөшүүсүн жашыруун жазып алышып, аларды камашпады беле. Экөө эми жөн эле сүйлөшүп отурушу мүмкүн да. Алар айтпаган сөздөрдү чаптап коюшуптур. Азыр эми техниканын жетишкен заманы да", - деди Анаркулов.

Интернетке тараган аудионун монтаждалганын Азимбек Бекназаров да айтып, сотто берген көрсөтмөлөрү тууралуу сыртка чыкканда сүйлөшпөй турганын жана сотко кайра барса деле мурдагы маалыматтарын эле айтарын билдирди.

Ал эми бүгүн, 14-августта сотто Өмүрбек Текебаев "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудио жазуу монтаж болушу мүмкүн экенин айткан.

Аудио качан жана кайсы жерде жазылганы белгисиз. Төмөндө сүйлөшүүнүн стенограммасы:

- Камчыбек Ташиев: Бүгүн вынужден, баягы соттон чыксам, "Сентябрь" тартып алды, ошого интервью берип койдум. Башка эч жерден интервью бербечү элем.

- Азимбек Бекназаров: Акеңи көрдүң да? Байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүн агарткыча калпты айттым. "Кудай, өзүң кечир" деп, ар калпты айткан сайын "Кудай, өзүң кечир" деп урдум да.

- К.Т.: Акам, жалган күбөдөн өтүү бул чоң күнөө да.

- А.Б.: Бирок "Кудай, өзүң кечир" деп аттым да, жалганды урдум. Ушундай калпты айттым, эч нерсеге тиешеси жок. Мен кылгам анын баарын, өзүм баш болуп, "Мегакомду" мен эметкем. Вообще аралаштырган эмесмин, мына прокурорлор отурат. Мен куратор болгом, бардыгын мен чечкем. Мунун вообще тиешеси жок.

- К.Т.: Бечараны расса колдопсуз да.

- А.Б.: Ошентип анан Өмке акаңды ыраса окшоштуруп факты менен...

- К.Т.: Өзү да ыраазы болду да тиякта отуруп. Эми сиз аны түрмөдөн чыгарганга, решёткадан чыгарганга аракет кылып атасыз да. Ушул жеринен сизди Кудайым колдойт.

- А.Б.: Бирок улам Кудайдан "кечир" деп, "калп айтып атам, кечирип кой, кечирип кой" деп, ичимен "Кудай, өзүң кечир, Кудай, өзүң кечир" деп.

- К.Т.: Мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде, билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби?" дейт, "келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23дө" деп. Эсимде жок, ай, вино бергенимди, куттуктаганымды, мен никогда аны куттуктаган эмесмин туулган күнү мененчи. Эсимде жок да, аа, значит болуптур да дедим дагын... О бирок эсимде жок, ака, менин вино алып келгеним. Эме деп жазып жибериптир. Билесиңби эмне деп жазыптыр? "8-10" деп коюптур скобкага. "8-10 литрлик вино көтөрүп келгенсиң" деп. Мен "8-10 билесиз го могундай бочка болот" дедим. "Минтип көтөрүп кириптирминби?" дедим. Никогда, никому көтөрүп кирген эмесмин, тем более Ак үйгө, жетинчи этажга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Avletim1988
2017-08-14 17:21:45
Эгер ушул аудио жазуу чын болсо,мына биздин президентикке талапкерлердин анык жузу.буларды улкон саясатчылар деп журсок кылганы ушул.жаш бала жа мынтип суйлобойт.табалап отурушат турмодогусун.кеткилечи баарынар,баарынар кеткиле.эч киминер эч качан элди ойлогон эмессинер,и ойлобойсунар.озунорго кошуп Торобаевди да жок кыласынар.
+1
Gena1
2017-08-14 17:27:53
Адабиятты жана маданиятты жакшы билген адамга созун туздуруп алып, анан чыгарып таркатса окшошмок экен.
+10
Mashyrbek
2017-08-14 17:31:26
К.Ташиев чыныгы таза саясатчы
+14
moskoy
2017-08-14 21:28:53
Mashyrbek,карга баласын аппагым дейт.
-1
Begmat1992
2017-08-14 17:48:13
Бул акмактар ушунчалык акмакпы бийликтегилер ушуга Эл ишенет деп ойлоп жатышабы манкурт экен биздин чондор!сасыбагылачы сдпк.
+14
Altyn2017
2017-08-14 17:52:07
Бул так эле монтажго бийлик элди келесоо ойлошот окшойт э
+8
Sultanmatievkg
2017-08-14 18:03:18
320% мантаж болгон
+9
Best.bakyt
2017-08-14 18:08:50
Ташиевти билбейм Бекназаровтун денгээли ушул эле. Мындан жогору боло албайт озу деле. Эки создун башын кошуп суйлой албайт далдырап.
+4
Kubinis
2017-08-14 18:16:04
бекназаровдун уну окшошуптуп а ташиевдики жок. Эми ушуга ишенип алгыдай тупой эмесда эл!!
+9
evra_kg
2017-08-14 19:15:26
Окшобойтко такыр булда азыркы бийликтин иши эми ошо экону жоопко тартса кайра эле Бабанов менен жээнбековко добуш берип калат окшойбуз
+2
XAN-TORO
2017-08-14 20:00:31
Ташиевдин уну эч окшобойт го. Голос монтаж экени корунуп турат
+4
nurbekasr
2017-08-14 20:23:30
Бул карандай каралоо экен.Ушунуңарга эл ишенет деп жатасыңарбы сасыган бийликтин кулдары.Азыр техника өнүккөн заманда,дабдырап үнүн да окшоштүра албапсыңар.Мынчалык неге пас кетесиңер бийликтин арзыз макоолору.Башка мамлекет онүгүү жолунда,аа силер биринин бирин көтүн чукуш менен алектенесиңер. ХХХХ,качан силерсиз тынч бейпил жаркын келечек заманда жашайт экенбиз. ХХХХ.
+2
admin_superstan
2017-08-15 13:17:23
nurbekasr, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Kemel29101981
2017-08-14 21:10:18
УКМКнын дээнгели ушунчалык томон тушуп кетиптир. Бизди ушунчалык сабатсыз адамдар башкарып жатат. Коммерсант, шофер, телохранитель. Кайсы бирин айтасын. Саясий элита эмес эле базар болуп калды.
+2
PROS
2017-08-14 21:17:35
Ташиевтин үнүн окшоштура алышпаптыр! Бекназаровдун үнү бир аз окшошуптур. Куру дооматтан Кудай сактасын да! Куру дооматты душманыма да каалабайт элем! Азыркы бийлик апендиден айырмасы жок!
+2
elnnura
2017-08-14 22:21:46
Ташиевдин үнү өзү эле,ушинтип эле сүйлөйт.
+3
aiman1983
2017-08-15 09:20:29
Тынарга дагы тамаша табылыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан