14 кыргыз кыз-келини каза тапкан Москвадагы басмакананын директору 2,5 жылга, инженери 3,5 жылга шарттуу түрдө кесилишти
Москвада 17 адамдын өмүрүн алган басмакананын директоруна жана башкы инженерине карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, соттун чечими менен басмакананын директору 46 жаштагы Сергей Москвин өрт коопсуздугун сактаган эмес деген кине менен күнөөлүү деп табылып 2,5 жылга, башкы инженери 49 жаштагы Антон Яцков 3,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышты.
"Тергөө учурунда Москвин күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал эми инженер күнөөлүү эмес экендигин айткан. Алар мындай көрсөтмөсүн соттук отурумдун жүрүшүндө да айтышкан", - деп жазышат басылмалар.
Эскерте кетсек, 27-августта Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза болсо, алардын 14ү Кыргыз Республикасынын жарандары.