"Мегакомду" 13,5 миллиард сомдон жогору баага сатканы жатышат. Баштапкы баа 20 миллиард сомго чукул болчу

"Альфа Телеком" Жабык акционердик коому (MegaCom) 13 миллиард 500 миллион сомдон төмөн эмес баага сатылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, 18-августта "Мегакомдун" акцияларынын 100 пайыз мамлекеттик пакетин түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө чечими кабыл алынган. "Сатып алуучу талапкерлер аталган суммадан төмөн эмес баага сатып алуу сунуштарын берүүсү керек. Ошондой эле сатуу баасынын үстүнөн 7 пайыз өлчөмүндө комиссиялык төлөм алынат. Талапкерлерден сунуштар 25-сентябрдан кеч эмес мөөнөткө чейин кабыл алынат", - деди ал.

Эскерте кетсек, "Мегакомдун" жеке менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. 3 ирет сатыкка коюлуп, кардар табылган жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандоодо. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Azatbek83
2017-08-22 12:40:55
Эми ошол эле калды сатпаганынар.А.А.сатып акча кылып иштен кетсем омурумдун акырына чейин жыргап жашайм деген окшойтда.
+5
kyrgyz.kg83
2017-08-22 12:53:02
Кийинки кезек жогорку кенештин имаратын саткыла,андан кийин аянты сатсанар пикет болбосун деп,саткандан башканы билбей калыштыго булар
+5
Nazar76
2017-08-22 12:57:31
Ашаа ушул миллиардады да алып кетейин моонотум аз калды депсинда э сенден кийин сдпкдан башка президент келип сага кылыш ишин козгосо биз билбеген былыктарын кооооп чыкса керек ким президенттике келсе сени бир кустурса экен
+4
Nargiza1987k
2017-08-22 13:04:46
Саткыла жегиле жакында мегаком эмес ич кийиминерди саткыла карап отурасынарбы
+4
bekhaliev
2017-08-22 13:19:35
Картошкөң сат, наның сат, денеңдеги каның сат,
Жанталашып жаның сат, байыймын деп баарын сат.
Аның сатпай мунуң сат, латунаң сат,метиң сат,
Бир өпкөнгө бетиң сат, коюң союп этин сат,
Түндүгүң сат, үйүн сат, коломтодо күлүң сат,
Баарын сатып бүткөн соң оо, КЫРГЫЗЫМ!
– Колтугуңдун жүнүн сат эй!
Сат, сат, сат, сат, сат!
+9
Anikin83
2017-08-22 13:22:54
Курошуп жаткан жеке эле,куч берсин кудай "текеге".Сизодон чыгып эртерээк,сузсо экен баарын чекеге.Аны акыры камадынар,сата бергиле эми чекесинен.
+6
Begmat1992
2017-08-22 13:38:39
Саткыла жеринерди ага кошуп элинерди саткыла эненер менен атанарды саткыла аздык кылса баланарды саткыла!
+1
birimdik.
2017-08-22 13:56:00
Мегакомду сатсак бизге кандай пайда тушот?
Сатбасак кандай зыян тартабыз?
Ушуга жооп алгым келет.
0
nurbekasr
2017-08-22 14:10:41
Этиңди сат бетиң сат,
Өтүңдү сат ХХХХ сат.
Алар дагы аз болсо оо Кыргызым
Үйүңдөкү балаң сат....
0
nurbekasr
2017-08-22 14:44:27
Жогорку жактагылар мамлекеттик мүлктү сатканды билишет,эл үчүн бир нерсе курганды эч бир билишбейт чокүңду гана жегир как баштар..Өздөрү үчүн кафе ресторан тойкана особняк курганды билишет.Ушул саткындар качандыр бир убакта өлүп бир жок болсоңор экен,сөөгүңөр сөпөт болуп.
+1
Jarookerjan
2017-08-22 15:02:50
Текебаевдин айтканындай болуптур.Мегакомду сатышат деп алдын ала эле билген экен.
0
evra_kg
2017-08-22 15:39:02
Ошону сатканда кыргыз алганда кыргыз элдики депутат президент Ким алар
Озубуз кунолубуз бийликти билип туруп кунолойбуз
0
SHERBOLAT
2017-08-22 15:52:15
Сааат элинди жана жерин сат
0
Shekeev969798
2017-08-22 16:06:42
Сатылбасын! кимсинер силер элдин мулкун саткыдай 120 кой чечеби 6 млн элдин ырыскысын
0
BekAmir
2017-08-22 17:53:27
Сат сат баарын сатып буткон сон,Кыргызым колтугунун жунун сат....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан