АКШда "Харви" бороонунун кесепеттери эсептелүүдө

Американын Техас штатында катталган "Харви" бороонунун кесепеттери эсептелүүдө. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялады.

"25-августта башталган катуу бороондон Техастын Аранзас аймагында 3 адам каза болгондугун жергиликтүү өрт өчүрүү департаменти кабарлады. Учурда өзгөчө кырдаал боюнча топтор шамалдан кулаган бактарды, курулуш урандыларын тазалап жатышат. АКШнын бороонду алдын ала эскертүү боюнча улуттук борбору шамалдын басаңдаганын айтты. Бирок синоптиктер алдыда суу каптоо коркунучтары сакталып турганын айтышууда", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, "Харви" бороону боюнча АКШ президенти Дональд Трамп 2 күн мурун Техас штатында өзгөчө кырдаал учурун жарыялап, элди сак болууга чакырган. Американын аймагында мындан 12 жыл мурда да катуу бороон катталып, натыйжада Луизана штатынын Жаңы Орлеан шаарын суу каптаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
General.kg
2017-08-27 12:00:35
Кыргыз ансыз деле азбыз, анан дүйнөнүн кайсы бурчунда кырсык болсо болбоду дегенде жеңил жаракат алчуу элек. АЛЛАХЫМ өзү сактасын адамзатты.
-2
Atas
2017-08-27 13:05:36
Americada en jaman ishter jasalat buzukuluk , zyna , narkomaniaya , anan musulmandardy jaman korushot Allahtyn askerleri ( shamal ) j.b jazalap turat
+3
kanatbekabytovich82
2017-08-27 19:44:02
Atas,
Тее жаздан бери кыргызга канча эскертти Алла???
Кочку болду,кочку болду,сел болду,орт болду,самолет кулады,эч эле куноолорду токтотуп,сооп иш кылайын дебейт го КЫКЕМДЕР,ЫЯ???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан