Кечээ, 28-август күнү 26 жаштагы Мээрим Дайырбекова аттуу Чүй облусундагы Беловодск айылынын тургуну Бишкектеги №4-төрөт үйүндө эгиз уулдарды жарыкка алып келип, өзү каза болуп калды. Өзүн маркумдун сиӊдисимин деп тааныштырган Сезим Дайырбекова SUPER.KG'ге эжесинин каза болуп калышына дарыгерлердин кайдыгер мамилеси себеп болгонун айтууда. Анын пикиринде, Мээрим төрөгөндөн кийин бир күн бою кароосуз калган.
"Эжем "түнү менен ичим ооруп чыкты, балдар кыймылдабай жатат" деп тынчсыздангандыктан 27-август күнү эртең менен "Тез жардам" кызматы аркылуу №4-төрөт үйүнө алып барылган. Мурунку баласын да ошол төрөт үйүнөн кыйналып төрөгөн. Бирок ага карабай эгиз балдар болгондуктан ал жактын вакууму жакшы деп айла жок барган эле. Саат 10:30да эгиз уулдарды жарыкка алып келди. Бирок ошол күнү кечке кан басымы көтөрүлүп кыйналды. Ким билет, мүмкүн ичинде калган канды тазалабай же тон калып калган. Ооруган учурда дарыгерлерге айтса маани бербей коюшуптур.
28-августта эртең менен "аябай кыйналып жатам" дегенинен апам барган. Барса шайы кетип, баса албай калыптыр. Апам айткандан кийин операцияга алып киришип 5-6 саат дегенде чыгарышты. Ал ортодо чогулуш кылышыптыр. Ичин ачып алып эмне кылабыз деп отуруштубу, ким билет? Бирок наркозу тарабай жаткан. Анан дарыгерлер "кан алып келгиле" деп айтышканынан кан алып барып куйдурдук. Тилекке каршы, натыйжа болбой жатты.
Кечинде апам эжемдин бетин караса шишип, көгөрүп бараткан экен. Андан кийин түнкү саат 11:30да дарыгерлер келип 10-15 мүнөт жасалма дем алдырууга аракет кылышыптыр. Ага да болбой эжем каза болуп калды. Дарыгерлер убагында карап койсо өлбөй калмак", - деп мукактанды сиңдиси Сезим.
Сезим эгиз балдардын абалы жакшы экенин, алар учурда вакуумда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканын кошумчалады. "Вакуумда жатышат, абалдары жакшы эле. Бирок бул экөөнөн сырткары эжемдин артында дагы бир 3 жаштагы уулу калды. Бул окуяны элге жеткирбей койсок деле болмок. Бирок эртең дагы башкалардын төрөттөн өлүп калышын каалабай айтып чыктык", - деди Сезим.
Бүгүн Мээрим Дайырбекованын өлүмүнүн себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер күнөөлүүбү же жокпу, комиссиянын корутундусунан кийин белгилүү болот.
"28-август күнү түнкү саат 12ге жакын төрөттөн бир келин каза болгону боюнча факты катталды. Учурда комиссия түзүлүп, төрөткө тийиштүү бардык материалдарды карап жатышат. Дарыгерлер күнөөлүүбү же келиндин өзүнүн ден соолугунан улам болдубу, комиссиянын жыйынтыгында белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз", - деди Айгерчинова.