Бүгүн, 2-сентябрда Элмира Кайып кызы менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарынын Ала-Тоо-2 конушунда анын бир тууган агасынын үйүндө өтүүдө.
Маркумдун агасы Абдыкадыр Байтоковдун айтымында, Кайып кызы өмүрүнүн акыркы сааттарында шаардын 10-кичи районундагы өзүнүн батиринде жашап турган.
"Элмирабызга өткөн жылы бооруна операция жасалган болчу. 31-август күнү эс учун жоготуп "Тез жардам" чакыртылганда 2 сааттай кечигип келиптир. Дарыгерлер кийин ага жүрөгүндө инфаркт оорусу бар болгон деген диагноз коюшту. Карындашыбыз 42 жаш курагында бизди таштап кете берди", - деп көз жаш алды аталаш агасы Байтоков.
Кайып кызы 7 бир тууган болчу. Үй-бүлөдө 2 кыз, 5 эркек болушкан деп кошумчалады. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакын сахналаштары Күмөндөр Абылов, Сыймык Бейшекеев, Мерген Турган, Ома, Гүлнур Сатылганова жана башкалар келди.
Эске салсак, 31-августта ырчы Элмира Кайып кызынын дем алуусу кыйындап, инфаркттан улам көз жумган. Ал 42 жашта эле. Артында 1 кызы калды. Ырчы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган.