Казакстандын борбору Астанада кечээ, 2-сентябрда катталган массалык мушташтын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазышты.
Учурда 8 адамга карата кылмыш иши козголуп, бул иш административдик сотко жиберилген. Калган куруучулардын өздүгү такталып, суралып кайра коё берилген. Жаңжал учурунда жергиликтүү полиция мушташка тиешеси бар деген шек менен 41 адамды кармаган.
Полициянын маалыматы боюнча, Астана шаарында курулуп жаткан “Абу Даби Плаза” соода борборунда индиялык жана жергиликтүү курулушчулар мушташып, жаңжалды токтотууга полициянын атайын отряды тартылып, курулушка жакын бир канча көчөлөр убактылуу жабылган.
Кечээ, ишемби күнү кечки тогуздар чамасында катталган мушташтын сүрөт, видеолору интернетке тарап, талкуу кызуу жүрүп жатат. Казак бийлиги жаңжал басылганын кабарлап, атуулдарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Казак полициясынын айтымында, жаңжал мас абалында жумушка келген индиялык куруучуну күзөтчү курулуш аймагына киргизбей койгондон улам келип чыккан. Мындан улам индиялыктар күзөтчүнү ур-токмокко алышкан. Бул кырдаалдан улам эки тарап жаңжалдашып, 30дан ашуун адам мушташа кеткен. Учурда окуядан жабыркаган индиялык 2 жаран ооруканада дарыланууда.
Эске сала кетсек, Астанадагы “Абу-Даби Плаза” соода борборунун курулушу 2010-жылы башталган. Ал Борбор Азиядагы эң бийик имарат болору жана ушул жылы ишке бериле тургандыгы күтүлүүдө.