Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаровдун соттогу көрсөтмөсү боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалымат кызматы 5-сентябрда билдиргендей, Бекназаров сотто билип туруп жалган көрсөтмө берген деп шектелүүдө.
Буга чейин интернетке Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Бекназаров делген адам сотто Текебаевдин пайдасына атайын жалган көрсөтмө бергенин айтат. Кийин Бекназаров да, Ташиев да бул аудио монтаждалганын айтып, соттогу көрсөтмөлөрү чын экенин билдиришкен эле. Башкы прокуратура аудио боюнча тийиштүү текшерүү жүргүзүүнү айтып УКМКга кайрылган.
Коопсуздук комитетине "Мегаком" чуусу боюнча абакка отуруп чыккан Раушан Айткулова (Рыкунова) да кайрылып, Бекназаровдун үстүнөн арызданган. Айткулова арызына кошуп Бекназаров менен болгон сүйлөшүүсүнүн видеосун да бергени, анда Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергенин моюнга алганы айтылат УКМК тараткан маалыматта.
УКМК текшерүү бүткөнүн, аудио эч кандай монтаждалбаганын маалымдады.
Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров 2-сентябрда расмий түрдө президенттикке талапкер катары катталган.