Төрөбаев Бабанов менен биригери айтылууда

Президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") менен Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") биригип жатканы айтылды. Бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG'ге Ак Үйдөгү өздүк булактын билдиришинче, эки саясатчы учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. "Шайлоого бирге баруу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатышканын 5-сентябрь күнү кечке жуук уктук. Эгерде бири-бири менен макул болсо, жакынкы күндөрү расмий билдирип чыгышат", - дейт өздүк булагыбыз.

Быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери бириккен. Алар "Кайра жаралуу" деген жаӊы партия түзүп, жарышка жалгыз талапкер чыгара турганын жарыялашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан