Төкмө акын Идирис Айтбаевге өзбек президенти үй жана унаа убадалады. 5 тилде төккөн акын тилдерди кантип үйрөнгөн?

Кыргыздын төкмө акыны Идирис Айтбаевге өзбек президенти Шавкат Мирзийоев үй жана автоунаа белек кылууга убада берди. Бул маалыматты SUPER.KG порталына акын өзү тастыктады.

"5-сентябрь күнү резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси боюнча төгүп "ушул кырдаал тез арада чечилип, Андижанга эч тоскоолдуксуз унаа менен барып-келип калсак экен" деген таризде ырдадым эле. Соңунда Шавкат Мирзийоев ордунан туруп кол чаап, Андижандан үй жана "Chevrolet Malibu" автоунаасын белек кылууга убада берди. Бирок колума тапшырыла элек. Мен белек убадаланганына эмес, качантан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилгенине аябай кубануудамын", - дейт акын.

Ошондой эле интернет тармагына тараган "Chevrolet Malibu" унаасы менен түшкөн сүрөт белекке берилген унаа эместигин, аны мурда Андижанга барганда автоунаа чыгаруучу заводдон түшкөндүгүн айтты.

Белгилей кетсек, Айтбаев кыргыз-казак айтышында 5 тилде төккөнү менен көпчүлүктүн эсинде калган. Мындан улам көп тилди кайдан үйрөнгөнүнө кызыгып суроо салганыбызда төмөндөгүдөй жооп берди.

"Кесибим - англис тили мугалими. Андыктан бул тилди жакшы эле билем. Бир кезде түрк лицейинде мугалим болуп, түрктөр менен иштешип калгандыктан алардын тилин да өздөштүргөм. Өзүм өзбек жеринде төрөлүп, балалыгым ошол жакта өткөндүгүнө байланыштуу өзбек тилинде эркин сүйлөйм. Ал эми орус тилин окуган эмесмин, өзүм эле үйрөнүп алгам. "Көптөр башка тилдерде айтышып, айтышты бузуп жатат" деп айтып жатышыптыр. Мен башка тилди кошоюн деген эмесмин. Казак акыны "чет элдиктер отурушат, алар түшүнбөй жатышат" дей бергенинен ага жооп кылгым келди. Анын үстүнө айтышта жаттап эмес, чын жүрөктөн төгүп ырдаган маанилүү", - деди ал.

Идирис Айитбаев кыргыз-казак айтышында чет тилдеринде төктү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Isco22
2017-09-07 10:32:52
+ту не аяйсынар баскылачы общий эле мага окшоп
+34
Talantbargy
2017-09-07 11:06:35
Идирис мырза итин чоп жей берсин,ишин журушо берсин.
+13
Saidochka
2017-09-07 17:09:58
Эн сонун жанылык,азаматсыз 5 тилде ырдаганын угуп тан калгам,онорунуз оркундрй берсин!!!
+6
egiz-jigit
2017-09-07 11:09:14
Идирис Айтбаев жарайсыз биздин калыстар сизди баалай алышбады ошентсе да таланттынызды озбек президентти баалаптыр бекеринен айтбайтта колдо бар алтындын баркы жок деп
+22
Akyl78.1501
2017-09-07 11:11:22
Ука молодец малибуда биз томонларга хам кел Намунага тугилган еринга
+15
Isco22
2017-09-07 11:15:55
Akyl78.1501,хаахха еу брат Супер kgде не кылып журосуз?)))
+12
admin_superstan
2017-09-07 12:34:39
Akyl78.1501, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
+3
tursunbaev78
2017-09-07 13:30:04
Akyl78.1501,келиң дейт туугандар,сиз деп туруп ХХХХ да булар
+1
admin_superstan
2017-09-07 13:49:05
tursunbaev78, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Naska0809
2017-09-07 21:56:04
Akyl78.1501,Молодец
+2
Abdusamat.kg
2017-09-07 11:23:51
Азамат Өзбек президенти . Талантты баалаганды билет экен. Биздин президент бети кызарып калса керек . Ошондо Кыпчактардан болосузбу ?
+5
datkayimjan
2017-09-07 13:28:38
Женишбек менен Аалы таптакыр эле корунбой кетишти го. Кабарын билгизип койгулачы супер
+3
admin_superstan
2017-09-07 13:49:28
datkayimjan, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-3
tursunbaev78
2017-09-07 13:33:32
Abdusamat.kg,кыпчакпы,башкабы ишиң канча Кыргызбы болду да,ушу кыпчактар дагы тойгоздуңар
+7
satiev87
2017-09-07 11:51:13
ишине ийгилик! биздикилер баалабаса башкалар баалаптыр. эмикиде Трамп менен Путинден сыйлык ал ылайым.
+15
Sayragul
2017-09-07 12:18:06
Биринчиден Самыйкожо "кыргызча айтышкыла" ,-деп тыйганы туура эместей, анткени казак акыны озу суранды "залда эки чет олколук отурат, сен кулуп отурбай, которуп берип тур", деп .Экинчиден калыстар тобунун "айтышта чет тилде айтышуу болбойт, кыргыз тилин онуктуруу керек", дешет. Ооба айтыштын маани манызы ошондой, бирок, Идирис кыргыз тилин кемиткен жок го, бул жерде жагдайга жараша айтыш болду да. Эмнеси жаман Озбекстанда оскон кыргыз акын беш тилде тогуп жатса . Ме
+14
Isco22
2017-09-07 14:24:25
Sayragul,калыстардын баары тундук болуп, бул туштук болуп ушуга да тушуруп койду,мындай эки элдин айтышында туштук тундук дебей эле коллошсо жакшы болмок. Аттин,
+9
Isco22
2017-09-07 14:26:33
Sayragul, дагы деле казактарга подхалин кылышат же аларсыз айтыш отпой калгансып
+8
suban78
2017-09-07 13:10:59
Канча бут тоспосун талант баары бир женет экен да. Браво мистер Идирис.
+12
tursunbaev78
2017-09-07 13:25:38
Ары жакта сүйлоп аткан ким Кыргызча айтыш деп,жюри окшойт англисче түшүнбой калды,ХХХХ Казак өзү сурандыго
+11
Nurkyz1977
2017-09-07 13:47:43
Азамат беш тилде токмок турсун оз тилинде туура суйлоо маданиятын билбегендер толтура,тамтандап оз тилинде тузук жамактап ырдай албагандар деле тогумуш болуп журушот. Беш тилде тогуп ырдап жалпы токмо акындардын жана кыргыз элинин баркын которду,казакта бар бекен беш тилде токкон токмосу,албетте жок биз кыргыз эли бири бирибизге жакшылык каалап колдосок онугобуз. Ойдологонду шыйрагынан тартпай пейилибизди ондоп жан дуйнобузду тазартсак.Баарынарга туболук бактылуулук каалайм!менин замандаштарым.
+14
Aikan1966
2017-09-07 14:04:20
Abdusamat.kg,кыпчакпы,башкабы ишиң канча Кыргызбы болду да,ушу кыпчактар дагы тойгоздуңар,ушул аябай жагып бир кулуп алдым
+6
JaneEr
2017-09-07 15:36:27
Бул акындын омур баяны уй-булосу ырлары жонундо маалымат кайсы жерден окусак болот?
+4
Akyl78.1501
2017-09-08 01:09:44
JaneEr,Идирис Андижан область коргон төбө районунда Токтогул колхозу Намуна деген айылда төрөлгөн 1985 жылкы бала супер акын
+1
Azikou
2017-09-07 16:21:40
Чын эле биздикилер баалай калбаптырда,Шавхат Мирзоев аззаммат экен.
+6
datkayimjan
2017-09-07 22:04:48
Азыр айтышты коруп отуруп козум жетти. Башында эле чечилгендей Асылбек женуучу болуш керектиги. Эгер Идиристи томонго тартпаса Асылбек женбей калмак.
+5
tina.kg
2017-09-08 00:52:49
Казак акыны намысына тийип атса,Озбекстанда торолдун деп,,, анан жооп берет да Озбекстанда торолгону менен Кыргызмын деп,кыргызча айтышып атпайбы,Кыргызстанда торолуп осуп оз Элин сатып башка элдин атынан чыккан жок го. Азаматсыз Алла Таалам колдосун сизди....
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан