Орусиялык актёр Марат Башаров үчүнчү ирет үйлөндү

Белгилүү орусиялык актёр Марат Башаров үчүнчү ирет үйлөндү. Анын үчүнчү тандоосу Елизавета Шевыркова аттуу айым болду.

Актёрдун экинчи жубайы Екатерина Архарова жалпыга маалымдоо каражаттарына Марат ага кол көтөргөнүн маалымдап, экөө чоң чыр менен ажырашкан соң көпчүлүк күйөрмандары актёр жакында үйлөнбөсө керек деген ойдо жүрүшкөн. Бирок актёр өзүнүн мурдагы сүйүктүүсүнө кайтып келген.

Марат Башаров үчүнчү жубайы болгон Елизавета менен мындан беш жыл мурда таанышып бири-бирин жактырып калышкан. Ал маалда Екатерина банкта катардагы кызматкер болчу. Бирок бул мамилелер башталып келе жаткан маалда Мараттын жашоосунда Екатерина Архарова пайда болуп ал экөө баш кошушкан. Бирок бул нике көпкө узабай экөө ажырашкан.

Өзүнүн мурдагы сүйүүктүсү азыркы жубайы болгон Елизавета Шевыркова менен жарандык никеде жашап жүргөнүнө 3 жыл болгон. Бул арада Марат менен Елизавета балалуу болушкан.

Актёр 9-сентябрда өзүнүн мамилесин мыйзамдаштырып, официалдуу түрдө үйлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Medinaa
2017-09-10 13:22:14
Буларга барибир экен да
+3
baku24
2017-09-10 13:49:13
Елизаветалар го жалан эле
+3
Defend.
2017-09-10 14:00:33
Орус оюндагысын кылат
+1
Aygul777
2017-09-10 14:13:13
Defend.,актер татар
+5
kychan.98
2017-09-10 14:39:06
Вопшем артис атмайларда адамдык сапат уят намыс эл эмне дейт деген тушунук жок озлорунун жеке жашоолорунда да артис актер болушат экен дааа
+1
raykray
2017-09-11 00:08:02
Архарованы оло сабап салганго муштуму чон эркектен коркпой кантип тийишет, Башаров битва экстрасен.ду алып барып журуп, алжыбаса
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан