Канаданын Эдмонтон шаарында бүгүн, Бишкек убактысы боюнча 10-сентябрда саат 10:00дө UFC-215 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыкты. Анда Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньеске жеңилип калды. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон Шевченко калыстык болбой калганын айтты.
Чемпиондук курун коргоп, жеңишке жетишкен Аманда Нуньес: "Мен бул оюнга ооруп жатсам дагы аябай болгон күчүмдү жумшап даярдангам. Шевченко беттеште жеңерине абдан ишенип жаткан. Ооба, мен аны чындыгында татыктуу эле атаандаш катары көрүп жаткам. Өзүңөр көрдүңөр, ал бул ирет дагы жеңишке жете алган жок. Кур меники, колдооңуздар үчүн рахмат!"
Жеңилүү ызасын тартып калган Валентина Шевченко: "Мен түшүнбөй турам. Кайсы соккусу үчүн ага жеңиш ыйгарылды? Менден токмок жегени үчүнбү? Бетин карагылачы, кан, мурду канап жатат. Соккунун баары мен тараптан болду. Ал эки капталдан гана алсыз соккуларды уруп жатты. Мен оюндун жыйынтыгына макул эмесмин. Калыстык болсо 3-беттешке уруксат берилиши керек".
Эскерте кетсек, бүгүнкү беттеш эки мушкердин 2-салгылашуусу. Биринчи беттеш 2016-жылы UFC-196 мелдештин алкагында алгачкы жолу кез келген. Анда беттеш 62 килограмм салмак ченинде өтүп, 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Нуньес жеңип алган. 3-беттешти уюштуруунун кажети барбы же жокпу, аны убакыт көрсөтмөкчү.