Айдоочуларга 1 миллион сомго чейин айып салууну караган мыйзам сунушталды

Кыргызда жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын суммасын 1 миллион сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Депутат Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизилгени белгилүү болду. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилгени жатат.

Бекешевдин айтканына таянсак, долбоорду даярдоого автокырсыктан кийин тараптардын элдешип алып, күнөөлүү айдоочулардын жазасыз калып жатканы себеп болду. Мыйзам күчүнө кирсе айдоочулардын жоопкерчилиги күчөйт деген пикирде.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө: "Мыйзам долбоору жол кырсыктарын кыскартуу, адамдын өлүмүнө алып келген жол-кырсыктарда тараптардын элдешүүгө келүү учурларын жоюу, ошондой эле судьялар тарабынан жазык жазасын дайындоодо коррупцияны жок кылуу максатында иштелип чыкты. Адамдын өлүмү маңызы боюнча адамды этиятсыз өлтүрүү болуп саналат. Бирок айыпкер жана анын туугандары жарашуу укугун пайдаланып, өлгөн адамдын туугандарын сатып алууга келишет. Көп учурларда туугандары макул болууга мажбур, ал айыпкерди жазалануудан алып калат. Адам өлүмү кырсык болуп калып, анын натыйжасында айыпкер жаза албастан автоунаа башкарууну улантып жатат", - деп айтылат.

Жарандын ден соолугуна өтө оор эмес зыян келтирген айдоочуга 100 миӊ сом айып салуу же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу нормасы каралып жатат. Ал эми адам өлүмүнө жеткирген автокырсыкка күнөөлүү айдоочуну 5-7 жылга эркинен ажыратуу же 3 жылга унаа башкаруу укугун алып коюу чарасы сунушталат. Тийиштүү документи жок жана мас абалында унаа айдап, бир же бир нече адамдын өлүмүнө күнөөлүү болгон айдоочуга 1 миллион сом айып салуу, буга кошумча 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Fatimnazz
2017-09-12 21:53:54
Булар элден алганды эле билет. Биздин кантип иштеп акча тапканыбыз кызыктырбайт аларды. Бюджетке тогуп атабыз биз да бюджеттен айлык алалы десе жумушка алышпайт. Гос. Жумуштар сатылат же эчак ээленген.
+4
aerforce
2017-09-12 22:09:17
корупция кучойт чондор 1 сомда толобойт карапайым элдин шору гаилер чалкалап коркутат эми 1 лимон берип каласын андан коро мынча бер деп
+4
aitowa11
2017-09-12 22:26:31
Жолдорду ондогула камера койгула праваны 1миллионго саткыла болбосо окуп алышсын.
+4
Yktyjar
2017-09-12 22:49:18
Алла озу сактасын ар кандай кырсыктардан. Бул мыйзам кабыл алынса пагончондордун иттери чоп жеп калатго.
+4
bakulya2015
2017-09-12 22:52:43
Уят уят уят. Корупцияга курошкондору ушул экенби тооба кылдым элди ойлогондору ушул экенби а?
+4
Patriot7
2017-09-12 22:55:56
Дастан Бекешов алжып калыптыр. Бир жолу да бардык студенттердин окуу контрагын 100 мин сомго которуу керек деп дооругон эле, б.а. акчалуулардын гана балдары университтте окушу керек экен...

Эми каяктагы 1 миллион сомдук штраф деп дооруйт. Андан коро айдоочулук укуктан ажырат, адам олтуро сузсо абакка кама!!! Суйлосо миллиондордон суйлоп куйгузду Атамбаев баш болгон СДПКчылар баары чекеден алжып.....
+4
konur-olon
2017-09-12 23:03:02
мен таптакыр колдобойм анткени ото коп акча андан корсо Бекешов кетсин калп эле озу закон чыгара бербей карапайым элге эле кыйын булардын не башы оорубайтда 1000сом тологондой толоп койсо керек
+4
aralbek
2017-09-13 00:08:06
Бекешов койчу эми болду
+2
Asanaliev.1990
2017-09-13 00:19:22
Кыргызстан мамлекетинде маяна 20000мин сомго жетбейт карапайым калкта андай акча кайда кокус кырсыктап калса 1 милион айып пул салат деп оз жанын кыйып алыш керек экенда. Ойундагысын оттой беретго биздин чондор. Мамлекетте жакшы маяна толоп жумуш менен камсыз кылгыла андан сон айып пулду оозуна батышынча айтсаныздар жарашат.
+2
Momunbekov90
2017-09-13 01:17:01
Отуруп алып оюна келгенди суйлой берет экенда
+1
Azatbek83
2017-09-13 01:46:41
Шайлоого карата шоу.Жакшы чондордон баштагыла мен кошулам туура антпесе жаман болуп кетти.Бирок биринчи айдоочулук документ саткандарды жолдо бекинип алып токтотуп акчасын алып кое берген гаилерди да штраф эркинен ажыратуу деп кошуп койсонор жакшы болмок.
0
Ulan2601
2017-09-13 02:44:40
Машина айдабай эле коюш керек го андп
+2
guli-1980
2017-09-13 10:23:17
1000000 айып пул салганча права саткандарды токтотуу керек. Ошол права саткаедарга салыш керек айып пулду очойтуп
0
admin_superstan
2017-09-13 10:47:49
kutman-kg94, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Kanat.tls
2017-09-13 10:56:24
Арыкты тайыз казып, сууну көп жибергендей эле болот экенда. Арыкты терен казгыла. Айдоочуларга жол эрежесин жакшылап уйроткуло. права сатпай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан