Эл аралык Канн фестивалы - дүйнөлүк мыкты тасмаларды аныктоочу фестиваль. Ал алгачкы ирет мындан 71 жыл мурун же 1946-жылы 20-сентябрда Франциянын Канн шаарында башталып, ошондон тарта жыл сайын өткөрүлүп келет.
Алгач, фестивалды өткөрүү 1939-жылга пландалган. Анын демилгечиси Франциянын ошол кездеги билим берүү министри Жан Зей. Тилекке каршы, ал жылдары Европада Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, фестиваль согуш бүткөн соң 1946-жылы 20-сентябрдан 5-октябрга чейин өткөн.
Фестиваль 1952-жылдан тарта жыл сайын май айында бир гана Канн шаарындагы фестивалдар жана конгресстер сарайында өтүп келүүдө.
Фестиваль дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын тынбай чагылдырып туруусунан улам тез арада эле дүйнөдөгү эң ири кинофестивалдардын катарына кирген. Ага катышып, кызыл килемден өтүү үчүн канчалаган белгилүү жылдыздар, актёр, актрисалар жана кинопродюсерлер барышат.
Фестивалга катыша турган тасмалар буга чейин бир да сынакка катышпай, кыска метраждуулардын убактысы 15 мүнөткө чейин, толук метраждуу тасмалар 1 сааттан узак болуусу шарт.
Эң ардактуу сыйлык катары - "Алтын пальма бутагы" сыйлыгы эсептелинип, ал дароо эле бир нече фильмге ыйгарылат.
Калыстар тобунун курамын дүйнөлүк кино тармагына эмгеги сиңген, белгилүү режиссёр, актёр жана сынчылар түзөт. Аларды фестивалдын уюштуруучулары тандашат.
Канн фестивалы тууралуу кызыктар:
20-сентябрдын жылнаамасы.