Сапар Исаков вице-премьер Зилалиевди шайлоо боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотту

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Зилалиев өзүнүн добушун шайлоодо кайсы талапкерге берерин айтканы боюнча маалыматтардын чыкканына байланыштуу мындай чечим кабыл алынды.

Айта кетсек, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek.94
2017-09-21 11:43:17
Оооо бар экенго бизде да адилетту чечим чыгарган.
+5
nargiz-sa
2017-09-21 13:16:13
bek.94,кызматынан таптакыр алыныш кк.
+4
Kanat.tls
2017-09-21 11:54:20
вице-премьер-министр кызматынан бошотуш керек
+8
almanbetperm
2017-09-21 12:37:55
Ошол элеби????
+4
Rajab
2017-09-21 13:35:11
Атайын уюшулган ыкма жаш баланы алдагандай ишендиресинер
+2
Patriot7
2017-09-21 13:41:53
Сапар Исаков элди жаш баланы алдагандай алдаганы эмнеси!!!

Мыйзам эмнеге баарына тегиз иштебейт?!!

Мыйзамга ылайык Зилалиев кызматынан бошотулуп кылмыш жообуна тартылууга тийиш!!! Эскертуу отпойт!!!
+1
muni77
2017-09-21 14:37:30
Зилалиев. Ошол жерде Жеенбековдон башкасын колдоп суйлогондо кылмыш иши козголуп темир торго чейин судуроп алып барыша керек эле!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан