Башкы прокуратура бүгүн, 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
"Депутат Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташы болуп, айрым адамдар жана уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, массалык баш аламандыкты уюштурууга багытталган иш-аракеттерди жасап жатат. УКМКнын материалдарына ылайык, алар аты көрсөтүлгөн талапкер шайлоодо утулуп калса, бийликти күчтөп басып алууну көздөп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура тараткан маалымат боюнча, Исаев менен Бабанов акчалай сыйлык менен өз катарына адамдарды тандап жана тартып жатышат. "Бул иштер кийин алар тарабынан пландалып жаткан акцияларга катышуу үчүн жасалууда. Акциялар адегенде добуш жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо чагымчылдыгы менен коштолуп, андан ары массалык баш аламандык жана куралдуу кагылышууга өсүп жетет. Анын жыйынтыгында, алардын аракеттери аркылуу Кыргыз Республикасындагы легитимдүү бийлик кулатылышы керек", - деп айтылат маалыматта.
Тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.