Бүгүн, 1-октябрда Каталония көз карандысыздыгы үчүн референдум өткөрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Референдумга Испания бийлиги макулдук берген жок. Жалпы 2300 шайлоо участкалары болгон. Айрымдары полиция кызматкерлери тарабынан жабылды. Добуш берүүгө бир саат калганда Каталония бийлиги иштеп жаткан бардык шайлоо участкаларында ким экендигин аныктоочу документин көрсөтүп добуш берсе боло турганын жарыялады.
Шайлоочулар бюллетендеги "сиз Каталония республика формасындагы көз карандысыз мамлекет болушун каалайсызбы?" деген суроого ооба же жок деп добуш бериши керек.
Жогорку Соттун талабы менен Каталонияда референдум өтпөшү үчүн бүгүн эртең менен шайлоо участкалары жабылышы керек эле. Бир катар аймактарда полиция шайлоочуларды имараттын ичине киргизбей, тирешүүлөр болгону айтылды.
Каталония бийлиги интернеттеги социалдык тармактар аркылуу элди добуш берүүгө жана референдумду токтотууга аракет кылган полиция кызматкерлерине күч колдонуу менен каршылык көрсөтпөөгө чакырууда.