Каталония референдуму: полиция шайлоочуларды күч менен таратып жатат, Испан бийлиги баш аламандыкка Каталония бийлигин күнөөлөдү

Бүгүн, 1-октябрда Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн өткөрүлүп жаткан референдум баш аламандык менен коштолууда. Полиция шайлоочуларды таратуу аракетин көрүп резина ок менен атып жатканы маалымдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Шайлоочулар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда бир канча шайлоо участкаларында тирешүү орун алган. Полиция шайлоо участкаларын жабууга аракет кылганда баш аламандык пайда болгон. Жыйынтыгында ондогон адамдар жаракат алган. Каталония бийлиги ачык болгон бардык шайлоо участкаларында добуш берсе болорун айткандан кийин Испания ИИМи бул чечимди жокко чыгарган.

Хайме Бальмес атындагы институтта болгон тирешүүдө 13 адам жаракат алганы маалымдалды. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги 38 адам жеңил жаракат алганын кабарласа, кийинчерээк Каталония бийлиги жаракат алгандардын жалпы саны 337ге жеткенин жарыялады.

Испания бийлиги референдумга макулдук берген эмес. Мындан улам айрым шайлоо участкалары эртең менен полиция тарабынан жабылган. Болжол менен шайлоо участкаларынын 70 пайызы добуш берүү үчүн ачылган.

Полиция тарабынан 183 шайлоо участкасы жабылганы белгилүү болду. Башка жерлерде кезекке тургандардын саны көп болуп жатканы айтылды.

Испан өкмөтүнүн өкүлү Энрик Мелло референдумду театралдык оюн катары баалады. Ал добуш берүү конверт, комиссия, шайлоочулардын тизмеси жок өтүп жатат деп билдирген. Мындан сырткары шайлоочулардын үйүнө алдын ала толтурулган бюллетендер жеткирилип жатканын кошумчалаган.

Ошондой эле баш аламандык боюнча Испан бийлиги Каталониядагы жергиликтүү бийликти күнөөлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан