Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу маселесин көтөрүү эрте экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда БШКнын мүчөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Ал эскерткендей, Конституция боюнча акыркы чекитти Жогорку Сот коёт. “Шаардык соттун өкүмү чыккандан кийин Жогорку Сотко арыз бергенге мөөнөт коюлган. Жогорку Соттун чечими чыкмайынча бул суроону кароо эрте. Шашылыш түрдө бул маселени көтөрүүгө негиз жок. Эгерде азыр карап мандаттан ажыратып башка бирөөгө берсек, Жогорку Сот Текебаевди актаса баш аламандык болот”, - деди Абдрахматова.
Айта кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту кечээ, 2-октябрда күчүндө калтырган. Жактоочулары бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрыла турганы белгилүү болгон.