Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең жерге берилет

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең, 8-октябрда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты эртең мененки саат 10:00дө Бишкектеги Беш-Күнгөй айылында өтөт.

"Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн режиссёру Сагын Ниязалиева билдиргендей, ырчы 6-октябрда өзүн жаман сезип, эртең мененки саат 07:00дөр чамасында "Тез жардам" кызматы чакырылган. Кызмат көрсөтүлгөн соң ырчы үйүндө калган. Андан кийин Гүлбү Ороскул кызы өзүн кайрадан жаман сезип жатканын билдирип, "Тез жардам" кызматы кайрадан чакыртылган. Бирок "Тез жардам" келгенге чейин саат 14:00дөр чамасында көз жумган.

Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Tyty1990
2017-10-07 11:18:17
Аллахым кабыр азабынан сактасын. Аттин жаш кетти.
+7
Arlenchik
2017-10-07 11:33:17
Окунучтуу абдан татынакай, аябай талаттуу эже эле жапжаш бойдон кете берди, жайы жанаттан, топурагы торко болсун.
+6
madina.87
2017-10-07 12:11:38
Озун жаман сезип эле отуп кете береби?
Келген тез жардам кызматы кандай диагноз коюп кетишкен экен?
Анан экинчи жолу тез жардам келгиче 14:00 каза болсо,соогун эмнеге моргго алып барып ташташты?
Бул жерде бир сыр бар!!!
Жон эле жылан чакпай,жылкы теппей отуп кеттиби?
Урматтуу супер инфо тактап берсениздер сиздерден сураныч.

+8
Romantik.
2017-10-07 12:21:59
madina.87, Ажалын келсе уктап атканда деле кайтыш болуп кетесин...
+5
gulzat91
2017-10-07 15:56:57
madina.87,кичине кое турсун суперчилер.биз эле мынча шок болуп атабыз жакындары мин эсе кыйналып аткандып.Эмки санында эле кыздарынан интервью ала калбай кое тургула
+3
erkeleim
2017-10-07 12:38:36
Жаткан жери жайлуу болсун онор адамдары ото сезимтал келишет эч качан жаман комент жазбайлы. Эки кызына сабыр бер. Дагы бир сулуу шайыр аракетчил кыргыздын кызы кете берди аттин (((((
+2
Ma9
2017-10-07 12:45:48
жаткан жери жайлуу болсун бир туугандарына сабыр берсин
+2
Leili
2017-10-07 12:47:54
Жаткан жери жайлуу болсун атин дуйно десен
+3
dastan_nookat
2017-10-07 13:00:57
Алаахым бейиштен орун берсин!!!
+2
dosym
2017-10-07 13:36:21
Сармерденге не болот эми
+2
AsmanNuru
2017-10-07 13:52:03
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун болсун. Кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
+2
K.peri96
2017-10-07 14:17:44
Jatkan jeri jailuu bolsun.
+2
tatynam_88
2017-10-07 14:44:51
Элмирбек байке менен ажырашып кеткен болсо да негедир экоону жакын элестетет элем.корчу мезгилинде коз жумду Гулбу эже.мезгилсиз олум кыргыз элинен дагы бир булбулду жулуп кетти.кыргыз элиме сабыр тилейм
+4
Aselya_9105
2017-10-07 14:46:32
Эхх. Жайы жаннаттан болсун. Ишенгим келбей турат кечээтен бери. Эмнеге мындай болуп кетти? Жакшынакай шайыр, жаркылдап жүргөн адам ушинтип эле бир күнү кетип калат экен да. Эхх арман дүйнө. Бүгүн бар эртең жок болот экенбиз да.
+4
Kaninaiman
2017-10-07 15:06:07
Аллах бейишин берсин жакшы Ырчы болчу ((жума куну ыйык кун
+2
jany-aryk
2017-10-07 16:59:30
жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр
+1
alhamdu
2017-10-07 17:27:03
Ак Моору элен кыргыздын,Чолпону элен жылдыздын.Ак куусу элен колумдун.Аттин,аттин,аттин ай. Кыскалыгы омурдун.Жаратканым бейишин берсин.Озундой жайнап турган бейиш болсун жаткан жери.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан