Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ишкерлери менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер мамлекет башчысына акыркы жылдары өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жана ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү, арзан насыялык ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу боюнча суроолорду беришти.

Президент мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө, анын бакубатчылыгын арттырууда ишкерлердин ролун жана салымын баса белгиледи. “Ишкерлер, дыйкандар, чакан жана орто бизнес өлкөнү багып жаткан адамдар. Ошондуктан алар ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүш керек”, - деди Атамбаев.

Атамбаев “Таза коом” программасын ишке ашыруу салык кызматынын ишкерлер менен түзмө-түз иштешине бөгөт коё турганын билдирди. Ал бизнес үчүн тиешелүү инфраструктура түзүүгө көп күч аракет жумшалганын айтты.

"Акыркы жылдары энергетикада жана жол курулушунда ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Андан тышкары ишкерлерге жеткиликтүү насыяларды берүү үчүн шарттар түзүлүп, жогорку деңгээлде чет элдик өнөктөштөр менен буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жаңы финансылык ресурстардын келиши күтүлүүдө”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sagyn.91
2017-10-09 15:13:27

Албетте сындаш эмес бирок эмнелерди айтты экен. Дегеним, ар бир суйлогон созуно кулбой коюуга мумкун эмес эле, куудулданып суйлоп журуп куудулдардын ар бир тамашасына аралашып эле жатып калды эле.

Бир видеосун жуктоюн дедим эле бул жака, кандай болоор экен.
+1
almazbei
2017-10-09 15:14:52
Бакиевдин кулагы кызыбады бекен мунусунда ?
0
Arlenchik
2017-10-09 16:07:46
Шайлоого деп налок салды да.
0
revolyutsiya1
2017-10-09 16:39:31
Чогулгандар арасында карапайым 1 да дыйкан, 1 да карапайым соодагер жок болсо тан калбайм... Олкону, ЭЛДИ багып жаткан ал жердеги олигарх ишкерлер эмес, тышта тентип жургон 1 миллиондон ашуун мигрант мекендештерибиз... Алар баары биригип жыл сайын 2-3 миллиард доллар которот. Ошол акчалар экономикада айланып, бугун чогулган ишкерлердин ити чоп жеп жатат. Эгер мигранттардын акчасы болбогондо, ошол жердеги ишкерлердин копчулугу банкрот болмок....
0
revolyutsiya1
2017-10-09 16:43:21
Эми ошондо олкону, элди баккан мигранттарды Атамбаев менен Жээнбеков качан ойлоду эле.... Жада калса, чет олколордогу элчиликтери нормально иштебейт... Москвадагы кыргыз элчилиги тууралуу сын-наалат, каргыштар 100 томдон да ашат. Бийлик, Атамбаев, Жээнбеков ошолорго кулак салып койдубу?!!

Тигине Саудияга барып алып кайра кайталбай кыйналып жургон кыргыз кыз-келиндер тууралуу макала журот. Ал жактагы элчилик жардам бере албайбыз деп кутулуптур. Ошолбу Атамбаевдин элди ойлогону?!!
0
Jelezo
2017-10-09 17:34:45
Сауд Арабия да Жээнбековдун бир тууган агасы элчи болуп иштеп жатат.Ижатат.Иниси президент болсом баарын жыргатам деп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан