Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Сочи шаарына иш сапары менен баруудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент 10-11-октябрь күндөрү Сочиде өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышмак. "Шайлоого карата айрым саясатчылардын баш аламандык уюштуруу фактысы ачыкка чыккандан кийин президент өлкөдө болууну чечти. Мамлекет башчы тартип менен коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алат", - деп айтылат маалыматта.
Сочиге Кыргыз тараптан премьер-министр Сапар Исаков башында турган делегация бара турган болду.