Бүгүн, 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов улуттар аралык кастыкты козутту делген маселени карап чыгышты. Анда жумушчу топ талапкерге эскертүү берүүнү сунуштаган.
Бул боюнча арыз жазган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана активист Алга Кылычев эскертүү берүүгө макул эместигин айтышып, талапкерди президенттик жарыштан четтетүүнү сунуш кылышты. Ошондой эле алар укук коргоо органдары баа берүүсү керек экенин билдиришти.
БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева видео монтаждалганы көрүнүп турганын айтты. “Монтаждалган видеону көргөндө улуттар аралык кастыкты козуткандай көрүнөт. Бирок монтаждалбаган толук видеодо андай эмес”, - деди ал.
БШКнын мүчөсү Назарали Арипов президенттик шайлоонун бүтүшүнө бир жума калганын эскертти. “БШКнын максаты бардык талапкерге тең шарт түзүп берүү. Ошондуктан видеого УКМК баа бергенден кийин бул маселе боюнча чечим кабыл алсак. Бүгүн күн тартибинен алып салалы”, - деди ал.
Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топтун чечимине кошула турганын билдирди. Ал мыйзам бузулганын кошумчалады.
Жыйынтыгында жумушчу топтун сунушу добушка коюлду. Сунушка 8 мүчө макул деп, 4 мүчө каршы деп добуш беришти.
Эске салсак, кечээ, 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов улуттар аралык кастыкты козутту деген маселени караган. Анда жумушчу топтун өкүлдөрү Бабановго эскертүү берүү боюнча добушка койгон. Жыйынтыгында 6 мүчө Бабановго эскертүү берүү сунушун колдогон. Ал эми төртөө каршы добуш берген болчу.