Кыргыз өкмөтү чехиялык “Liglass” менен мындан ары кызматташпай турганын билдирди

Кыргыз өкмөтү чехиялык “Liglass Trading” компаниясы менен мындан ары инвестициялык келишим алкагында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзбөй турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган компания өздөрүнүн сайтында өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатканы боюнча маалымат жарыялаган.

Кыргыз өкмөтүнүн жообуна ылайык, 5-октябрда чехиялык компаниянын суранычы менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде жолугушуу болгон. “Жолугушуу учурунда Кыргыз тарап компания өкүлдөрү милдеттерин аткарбаганы үчүн келишим бир тараптуу үзүлгөнүн кабардар кылды. Компания өкүлдөрү өздөрүнүн сунуштарын берген. Бирок кыргыз тарап аларды карап туура келбей турганын айтышкан”, - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, быйыл 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес.

Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.

18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco22
2017-10-11 08:56:11
Молодец молодец дагы жееп турцп анан айтпапсынар да
-1
jbolotov
2017-10-11 09:21:35
Башка олколордо чет элдик ишкананы дыкаат изилдеп анан келишимге барышат экен. Эмне учун ушундай аферистер менен келишим тузгондор жазаланбайт? ПМ деп миллиондогон доллар кетирип камера ж.б жабдууларды алышып бир жылдан кийин болбойт экен деп ишти таштап коюшту. Эмне Кыргызстанда эксперимент журуп атабы? Же жейбиз же болбойт экен деп жазаланбай журоберген
+3
SHERBOLAT
2017-10-11 10:36:16
Эми эсинерге келдиби.башында мындай шанс бир келет дебединербеле
+1
kenjebek_a
2017-10-11 11:53:25
Кана жанагы лично мен жооп берём деген зилалиев дегени.Ай деги бул окмотту же бийликти эмне деп аташ керек.Убакыт отуп жатат кошуна элдер алдыга кетти.Кошуна десе кечээ бироосу дооруп койуп, казактар кууп жатат.Озу элге бир тыйын пайдан тийбесе бир ХХХХ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан