“Президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүдө каражаты аз талапкерлердин маалымат кампаниясы начар болду”, - деди бүгүн, 16-октябрда маалымат жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин байкоочусу Сергей Лебедев.
Айтымында, байкоочулар талапкерлердин үгүт кампаниясына да көз салды. “Талапкерлердин программасы жазылган гезиттерди карап көрдүк. Ал жакта талапкерлер программаларын кенен беришиптир. Шайлоочуларга туура тандоо кылууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн”, - деди байкоочу.
Лебедев шайлоо таза өткөнүн белгиледи. “КМШнын байкоочуларынын катарында бир катар өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссияларынын төрага, мүчөлөрү болду. Өнүккөн мамлекеттер колдонгон жаңы техникаларды колдонгону жакшы көрүнүш болду. Заманбап каражаттардын колдонулушу шайлоонун таза өтүшүнө өбөлгө түздү”, - деп кошумчалады байкоочу.