Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жүрүп жаткан курулуш кулап түштү. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашты. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кырсыктан 6 адам жабыркагандыгы белгилүү болду. Имараттын 2-кабатына курулган каркасы түшүп кеткени айтылууда. Борбордук "Тез жардам" кызматынан билдиргендей, жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор болууда. Ал эми ӨКМнын маалымат кызматы кырсык боюнча төмөнкүлөрдү кабарлады.
"Окуя саат 14:10 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала алынган маалымат боюнча А.Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан имаратта болгон. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып 4 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ал эми жабыркаган 2 адам ооруканага жеткирилген".