12-ноябрга караган түнү Иран менен Ирактын чек арасында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Анын очогу Ирактын борбору Багдад шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 204 чакырым алыстыкта, Ирандын Керманшах шаарынын батышынан 104 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 140тан ашуун адам каза болуп, 300дөй адам жаракат алганы маалым болду.
Чет элдик ЖМКлар жер титирөөдөн Ирандын батыш тарабындагы райондор жабыркаганын жазышты. Ал эми Ирактагы "Ас-Сумария" телеканалы жер титирөөдөн өлкөнүн 4 провинциясы жапа чеккенин кабарлады. Эки мамлекеттин куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканы айтылды.