Бакыт Төрөбаев: "Алмазбек Шаршенович, бизди сындап, бышырдыңыз". Ага президент "дары болсун" деп жооп кайтарды

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда билдирди.

“Алмазбек Шаршенович, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз. Терең ыраазычылык билдиребиз. Адам катары сизди сыйлайбыз. Бизди сындадыңыз, бышырдыңыз”, - деди Төрөбаев.

Алмазбек Атамбаев “дары болсун” деп жооп берди.

Ошону менен катар эле Төрөбаев президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековду куттуктады.

Президенттик шайлоо “карусель” ыкмасы жок өткөнүн шайлоочу катары айта алам”, - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан