"Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин айлык акылары соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, алардын маяналары буга чейин "жалган билдирүү жасап президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 10 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн" деген Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими толук аткарылганга чейин камакка алынган.
"Мен бул тууралуу бүгүн билдим. Мындай чечим 31-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Кубатбек Абазов тарабынан чыгарылыптыр. Ал эми банк болсо менин маянамды мындан эки күн мурун камакка алыптыр", - дейт Таалайгүл Токтакунова.
Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.
Кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Болотбек Абдуллаев Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизди 10 миллионго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан.