Алмазбек Атамбаев: "Жогорку Нарын каскады курулат, ага инвесторду өзүм издейм"

Бишкекте 20-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин президент катары акыркы маалымат жыйыны өттү.

Өлкө жетекчиси Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга күч жумшаарын айтты.

"Менин эӊ башкы милдетим Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу. Ага инвесторду өзүм издешим мүмкүн", - деген президент "Русгидро" компаниясы менен келишимдин бузулушу туура болгонун, орусиялык компания баары бир келишимди аткара алмак эместигин билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Кыргыз мамлекети Камбар-Ата 1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте курат. "Бул боюнча тийиштүү макулдашуулар бар", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан