Чүй ОИИББи: "Токмоктогу чиркөөнүн жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды, энеси изделүүдө"

Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанынан Европа түспөлүндөгү ымыркай табылып, Токмок шаардык төрөт үйүнө жеткирилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 23-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай кечээ, 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Шаардагы Охотничья көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды көргөн жергиликтүү тургундар милицияга кабар беришкен. Чакырылган жерге келген милиция кызматкерлери баланы кароодон өткөрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген.

"Катуу үшүп калган ымыркай дароо Токмок шаардык төрөт үйүнө жеткирилген. Кечээ анын абалы канааттандырарлык болчу, бүгүн абалы жакшы экендигин дарыгерлер билдирди. Ал эми баланы таштап кеткен энесин издөө иштери жүрүп жатат. Дарыгерлер аныктагандай, ымыркай жаңы төрөлгөндөн көп өтпөй эле ташталган", - дейт Токтосунов.

Анда белгиленгендей, табылган ымыркай кыздын салмагы 3 килограмм 400 грамм болгон.

Буга чейин, 14-ноябрда Ош шаарындагы бала бакчанын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2017-11-23 17:32:51
эми мусулмандардын арасында чоноюп ислам динин кабыл алып мусулман болуп чонойсо экен
+3
Nora
2017-11-24 06:10:22
kechirmeni,
musulman bolobu, ortodoks bolobu, en negizgisi den soolugu chyun bolup chonoiso boldu.

0
beka1207
2017-11-23 17:33:22
Бечара шордуу ымыркай
+5
cos25
2017-11-23 17:33:56
Кандай адам таштайт а баласын эч жолу жок болсо кочого таштабай балдар уйуно таштабайбы.багып алчулар чугат ит кушка жем болбой.
+5
Rain000
2017-11-23 17:34:18
Оооо Кудай не деген заман болуп жатат? Ушинтип кочого ташташат. Окуп алып кыжалат болом. Канча жылдан бери бала десе коз жашым кол болуп зар болуп жашап келем))
+4
kalpak.kg92
2017-11-23 17:38:26
акмакчылык дагы акмакчылык айбандан айырмасы жок адамго...бул наристеде не куно...мага бергиле багып алайын
+2
kalpak.kg92
2017-11-23 17:39:29
мага бергиле багып алайын 0779040203 мумкунчулук болсо звонок кылгыла
+3
amin1986
2017-11-23 20:41:46
kalpak.kg92,азаматсыз,АЛЛАХ враазы болуп, жолунузду ачып бактылуулук кундоруно жететрсин сизди,сиздей игсандар арабызда коп коп болсун ылайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан