Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоонун чокусун каптаган өрттүн аянты 25 гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, кечээ, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Теплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусундагы куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт каптаган аянт 15 гектарга чукул экенин билдиришкен.
"Бүгүн өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 35 кызматкер, жергиликтүү 10 тургун жана 3 токойчу тартылды. Учурда өрт мурдагыдай күчтүү эмес, бирок дагы деле күйүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бүгүн кеч кирип кеткенине байланыштуу саат 17:40та ӨКМнын кызматкерлери өчүрүү иштерин убактылуу токтотушту. Бул иш-аракет эртең улантылат.