Муфтият: "Өлкөдө мечиттердин имамдары жана дин өкүлдөрү жол кырсыктарын алдын алуу боюнча насаат айта башташты"

Муфтият мечиттерде жана эл көп чогулган жайларда дин өкүлдөрү тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча насаат иштерин жүргүзүүгө багытталган буйрук чыгарды. Мындан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында мечиттердин имамдары жана дин өкүлдөрү бул багытта түшүндүрүү жана насаат иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу SUPER.KG`ге муфтияттын басма сөз кызматынын башчысы Максат Атабаев билдирди.

"Акыркы учурларда жол кырсыктары кескин түрдө өсүүдө. Андыктан имамдар менен дин өкүлдөрү бул көрүнүштүн алдын алуу боюнча жума намазы окулган мечиттерде адам өмүрүнүн баалуулугун айтып, такси кызматын аткарган айдоочулар жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн жооптуу экендиги боюнча насаат иштерин жүргүзүшүүдө. Түшүндүрүү иштери мечиттерде гана эмес, эл көп чогулган коомдук жайларда да өтүүдө", - деди Атабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bosmos77777
2017-11-26 11:43:38
Кыргыз мамлекетинде. Эски унааларга чектоо жана он тараптуу башкаруудаагы, унааларды жок кылуу керек. Молдо кожолордун созунон пайда чыкпайт!!! Анткени эски унаасын,айдаганда "акча" козуно корунот. Молдонун же жол кайгуулдун созу эмес!!!
-7
Dalil
2017-11-26 14:49:56
bosmos77777, угуп анан аткарсаң болот да жыйынтык. Көпчүлүгү сага окшош болгондугу үчүн ушундай болуп жатат. Көпчүлүк кырсык правила билбегенден эмес шашып катуу айдагандан болуп жатпайбы. Ошого молдокелер жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн айдоочулар жоопту экенин, акыретте алардын өлүмү үчүн жооп берери жөнүндө түшүндүрүшөт.
+2
bosmos77777
2017-11-26 15:04:35
Dalil,Мага акырет же башка дей бербей!!! Мобул жашоодогуу.Болуп турган. Адазаттын акылы жетип турган, нерсени жасаш керек. Кыргыз мамлекетине эски унааларды,такыр киргизбоо керек. Чектоо болушу шарт. Алардын ылдамдыкты токтоотуучу жана азайтуучу тетиктери. Иштен чыгышы мумкун!Анан Эне тилде(правила)эмес.Эрежелер. Жол эрежелери.Айдоочулук куболук алууда. Эрежелер сол тараптуу, белгилерге ылайыктаап окутулат. Коп молдо кожолордун маселесине эмес. Билимге шарттап,маселени чечуу керек.
-5
sofia.1994
2017-11-27 02:20:23
bosmos77777,эмне тойота лэнд круизер
Эскиби сага? Мына бүгүн жазышты үчөө
Кайтыш болгон деп
0
temirov76
2017-11-26 18:43:21
bosmos77777,элдер төө десе сен бээ деп жүрөсүңго,кырсык бул эски машина экен же жаңы машина экен деп олтурбай эле болуп жатат,баары чектен аша ылдам жүргөндөн көбөйдү,азыр окудум ПМ машинасы кырсыктады деп,же аларга да эски машина берип койгон болобу?
+1
muslim87
2017-11-26 12:59:37
Азамат жакшы. Ушинтип ар бир жетекчилик аракет кылса албетте таасири тийет. Жол кайгуул менен имамдар эле эмес ар бир жетекчилер колунда иштегендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан