Сокулуктагы РИИБдин камагынан качып кеткендердин экөө кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аларды издөө иштери уланууда.
Буга чейин укук коргоо органдарындагы өздүк булак, качып кеткендердин экөө, тактап айтканда, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 28-ноябрга караган түнү кармалганын билдирген. Бул маалыматты Чүй ОИИББи тастыктады.
Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.