Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматынан кетип, эми депутаттыкка аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйын учурунда айтты.
Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматына дайындалгандан бери курама командага көп жеңиштерге жетти.
"Мен 2012-жылдын ноябрь айында спортчулардын жана машыктыруучулардын сурануусу боюнча шайлангам. Жаш өспүрүмдөргө өзүмдүн тажрыйбамды жана ыкмаларымды үйрөттүм. 2012-жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы менин башкаруумда Азия чемпиондуктарында 4 алтын, 4 күмүш жана 10 коло медаль жеңип алды. Ошондой эле эл аралык мелдештерде да ар түрдүү алдынкы орундарга ээ болгон", - дейт Бегалиев.
Мурдагы башкы машыктыруучу жумуштан өз каалоосу менен кеткенин айтып, келечектеги максаттарын билдирди.
"Мен өз каалоом менен жумуштан кеттим, келечекте илим жана билим алып парламентке барууну көздөп жатам. Ал жакта спорттун көйгөйлөрүн чечейин деген ой-максатым бар. Буга чейин башкы машыктыруучу кызматында иштеп Кыргыз спортуна жакшы салым коштум деп эсептейм. Кыргыз спортун бир аз болсо да алдыга сүйрөдүм деп толук айта алам", - дейт ал.
Маалымдай кетсек, Канатбек Бегалиев 18-октябрда кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалып, 2017-жылдын январь айында "Токио-2020" Олимпиадасына чейин кайрадан башкы машыктыруучусу кызматына шайланган.
Канатбек Бегалиев буга чейин Кыргыз курамасынын спортчусу болуп, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алган.