Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда орусиялык тараптын чакыруусу менен Орусияга алгачкы чет элдик иш сапарына учуп келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар кыргыз-орусиялык эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.
Иш сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.
Андан ары президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Беларуска барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.