Бүгүндөн тартып өкмөт башчынын укугу кеңейди. Баш мыйзамдын кайсы беренелери күчүнө кирип жатат?

Бүгүн, 1-декабрда Баш мыйзамдын 5 беренесине киргизилген өзгөртүүлөр толугу менен күчүнө кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын укук жагынан камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов айтып берди.

Ал билдиргендей, Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

“Киргизилген өзгөртүүлөрдө өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген.

70-беренеге киргизилген өзгөртүү коалициялык көпчүлүккө тиешелүү. Коалициялык көпчүлүктөн чыгуу үчүн фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макул болуп, аны кол коюу менен бекитүү зарыл.

72-берене боюнча депутат премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе, депутаттык орду сакталат.

75-берене боюнча айта турган болсом, бул берене Жогорку Кеңештин төрагасына тийиштүү. Парламентте коалиция тараса, төраганы да кайра бекитиш керек болот.

81-берене боюнча парламент тарабынан бюджет же салык боюнча мыйзамдарды президентке премьер-министр кайрылган болсо, президент парламентке каршы пикири менен кайтарганга укугу бар. Мурда президент салык жана мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдарга кол коюуга милдеттүү болчу.

87-беренеге
ылайык, премьер-министрдин кадрдык укугу көбөйөт. Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн жумуштан бошотуп, Жогорку Кеңештин макулдугу менен кызматка дайындай алат"
, - деди ал.

Эске салсак, 2016-жылдын 11-декабрында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан