"Республика-Ата Журт" фракциясы вице-спикерликке Курманкул Зулушевдин талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.
Фракция жыйыны жабык эшик артында өттү. Тулендыбаевдин айтымында, жыйында Курманкул Зулушев менен Бактыбек Райымкуловдун талапкерлиги сунушталды. "Эки депутат ич ара өздөрүнчө чечишип, жыйынтыгында Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлмөй болду", - деди Тулендыбаев.
Бүгүн депутат Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу вице-спикерликтен кетти.
Зулушев Курманкул Токторалыевич Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы туулган.
Билими – жогорку. 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу;
1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1988-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары;
2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
2001-жылы Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру;
2001-2005-жылдары Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы;
2005-2007-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы;
2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;
2015-жылы Жогорку Кеңештин Vl чакырылыштагы “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын депутаты;
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.