Кыргыз жеринде байырлап, Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө жана Чатыр-Көлгө көрк кошкон канаттуулардын бири - куркулдак ак куу. Алар 1959-жылдан тартып корукка алынып, 1985-жылы Кыргыз ССРнин Кызыл китебине кирген. Учурда Ысык-Көлдө 1000ден ашык, Чатыр-Көлдө 8 баш куркулдак ак куу бар экени айтылып келет. Ал эми Соң-Көлдө 1999-жылга чейин эки жуп уялаган.
"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун улуу илимий кызматкери Айнура Асанованын айтымында, куркулдак ак куунун салмагы 14 килограммга чейин жетет. Анын сырткы түспөлү жалпы жонунан ак, буттары кара, тумшугунун өңү саргыч кара болот.
"Куркулдак ак куу өтө сезимтал келип, сак канаттуу. Жыныстык жагынан 4 жылда жетилет. Уясына 5-7ге, кээде 10го чейин жумуртка тууйт. Жумурткаларын ургаачы ак куу басат, кээде гана азыктануу үчүн уясынан чыгат. Жумурткаларын басып чыгаруу мөөнөтү 31-40 күн. Басып чыгарган балапандарын өстүрүп чоңойтуу учурунда чоң ак куулар өздөрү дагы түлөшөт. Жаш ак куулар эки айдан кийин канат кагып, учуу аракеттерин көрө башташат. Күзүндө өз тобу менен чогуу учуп кетишет", - дейт Асанова.
Куркулдак ак куу көбүнчө суудагы жана жээктеги өсүмдүктөр менен азыктанат. Ал сууда жеңил каалгып сүзгөндө, сууда өзүнүн сөлөкөтү чагылып, артында жалтырак толкундун изи калат. Ак куу обочо, адам бара алгыс көлдөргө, жыш камышка уя салат.
"Ал сайроочу куштарга кирбейт. Ышылдак ак куу каркылдай алат, ал эми куркулдак ак куу сурнай үнүндөй салтанаттуу үн салат. Ак куунун үнүн жазында түндүктү көздөй учуп өткөндө угуу өзгөчө жагымдуу. Апрель айында көк асманда ак куулардын тизилип, учуп бара жатышы – жаратылыштын өзгөчө ажайып көрүнүшү эмеспи. Куркулдак ак куу келгин канаттуу болгондуктан алар Ысык-Көлгө кыштап кетишет. Сибирде жана Казакстанда уялашкан ак куулардын топтору түштүк жактарына учуп кетишет", - деп кошумчалады илимий кызматкер.
Ошондой эле ал ак куулардын азайышына бир катар факторлор себеп экенин айтты.
"Ак куулардын азайышына көлдөрдүн тартылышы, климаттын өзгөрүүлөрү, мергенчилердин аларды атып жок кылуулары жана башка антропогендик таасирлер себеп. Өлкөдө ак куулар 1959-жылдан тартып корукка алынган. Келгин учурунда республиканын бардык жерлеринде кездешет. Ысык-Көлдө массалык түрдө кыштайт. Жайында кээ бир учурда ири көлмөлөрдө кездешет.
Биринчи жолу 1968-жылы июлда Соң-Көлдөн алардын балапандарын, кийин 1975-жылы май айында ошол эле жактан 5 жумурткасын табышкан".
"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Бакыт Чороевдин айтымында, Ысык-Көлдө күзүндө 1000ден ашык куркулдак ак куу чогулат. Катуу суукта Ысык-Көлдүн тайыз жерлерин байырлашат, муз каптаганда ачкадан өлүү коркунучу бар. Кээде сууга тоңгон же ачкадан алсыздаган ак куулар бүркүттөргө жем болушат.
Соң-Көлдө бир-эки жуп 1999-жылга чейин уялаган. Ал эми Чатыр-Көлдө 2009-2010 жылдары 2 жуп, 2011-2013-жылдары 5-6 баш куркулдак ак куу каттоого алынган. 2014-жылдан бери жана азыркы учурда 8 баш катталган.
"Чатыр-Көлдө тыкыр көзөмөлгө алынып, куркулдак ак кууну изилдөө иштери башталууда. Мыйзамсыз аңчылык кылуу орчундуу зыян келтирет. Колго багууда оңой көбөйөт. Балапандарын ата-энеси биргелешип өстүрөт. Ак куу колго тез үйрөнөт, зоологиялык бакта Австралия кара куусу менен ынтымактуу жашагандыгы белгилүү.
1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебине жана Казакстандын Кызыл китебине киргизилип, аңчылыкка тыюу салынган. Учурда "Каратал-Жапырык" жана Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймактарында коргоого алынган. Ысык-Көлдө ак куулардын кыштоо мезгилинде коргоо чаралары күчөтүлөт. Жаратылышты коргоочу максаттуу иш-аракеттерди күчөтүп, корук режимдерин туура сактап, жаш муундар жана калк арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү зарыл", - дейт аталган коруктун башчысы.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-токтомуна ылайык куркулдак ак куу үчүн 25 000 сом өлчөмүндө айып каралган.
Жаратылыш коругунун чегинде зыян келтирүү, мыйзамсыз аңчылык кылуу 5 эсеге көбөйтүлөт.