ЭЛДИК ВИДЕО: "Кортеж өтөт деп жолду тосуп, өрт өчүрүүчүлөрдү өткөрбөй коюшту"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кортеж үчүн жолду тосуп турушту. Бул кимдин буйругу?" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Aki-meki).

Видеодон Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырык менен шашып бараткан өрт өчүрүүчү унааны токтотуп, кортеждин келишин күтүп жатканын көрүүгө болот. Өрт өчүрүүчү унаадан куткаруучу чыгып "Тигил жак өрттөнүп жатат" деп кыйкырып, унааны өткөрүүнү суранган.

Видео социалдык тармактарга тарап коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "өзгөчө кырдаал жаралып, адам өмүрү коркунучта турганда кортеж эмес куткаруучулардын жолдон өтүүсү маанилүү", - деген билдирүүлөрүн калтырган.

Видеону көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Abdusamat.kg
2017-12-08 11:21:18
Пожарныйга президенттик кортеж да жол бериш керек эле керек болсо
+11
Pandora
2017-12-08 11:23:42
Биздин пожарный,тез жардам машинабыз ансызда чакырган убактан копко кечигип барат,аз келгенине саз кылып булар дагы жолду тосуп.Бийликтегилерге баары бир эмеспи...Аларга кызыгы жок адам олуп жатабы? куйуп кул болуп жатабы? Аларга болгону оздорунун жашоосу кызык.ЭЛ ЭМНЕ Болсо ошол болсун...
+8
Aikamon
2017-12-08 11:24:48
Бул тура эмес. Кортеж отот деп жолду жабып, кеч кирип кетип башталгыч класстын окуучулары адашып кетишиптир. Мен да бир окуучу манас пр.де жашачуу экен адашып бахага келип калыптыр. Такси менен уйуно салып жибердим. Коркуп, ушуп, ыйлап алыптыр.
+12
Altyn10076
2017-12-08 11:28:50
Энеңдин урайындар .
+8
pusur
2017-12-08 11:32:43
Мыйзам кабыл алыш керек депутаттар, тез жардам, орт очуруучулор келе жатканда, тоскоолдуксуз откоруш керек деген. Путин келе жатсада токтоп туруп откоруп жибериш керек.
+8
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-08 11:36:14
Кортеж ким экен ал озу кудай жазанды берсин
+8
zhykyo
2017-12-08 12:06:47
Жумуштан кетириш керек бул ГАИни озунун жумушун билбеген доопоросту
+6
Azat.97
2017-12-08 12:09:12
Дагы бир жепжутарлардын бироосу да.Кыйратып иштеп жаткансып ушулардыкы отту.Коп соз айтайын дейсин бан кылып салат да.
+3
kenjebek_a
2017-12-08 13:42:50
Озу буларды элдин коройун деген козу жок. ХХХХ калы барсынып жолду бошоттуруп журушот.Бул каражолтойлорду эл шалаган эмес.
+3
sabyrer82
2017-12-08 13:54:36
Админ же кимдир бироо жооп бере алабы?Ушул куйуп бышып жазган коментарийлер унубуз жетеби?Ушул тууралу бир тема которбойсунорбу!? Болбосо азыркы бийлик митингке да тыю салды туурабы,силер аркылуу унубуз жеткендей болсо жакшы болот эле.Жазган коментарийлер абага кчуп кеткендей болбосун дегеним
+4
BekAmir
2017-12-08 15:47:10
Мына сага КРнын мыйзамы...
Мумкун тутунго ууланып жаткандыр адамдар наристелер...
+2
Mikra
2017-12-08 21:23:21
Вай тупойлор.ичип жерлеер.элди ойлосо ушул ишке бармак беле.самалет шарга кулап тушсода олуп кетсин дегенида.ашкорлор.ХХХХХ ХХХХХ
+1
Mikra
2017-12-08 21:24:17
Акмак адамдарды дегним.адашып кеттим нерв болуп
0
Mikra
2017-12-08 21:25:20
Админ улалит этпегиле. суранам эл окуусун жазганымды
0
barsbegKG
2017-12-09 05:29:50
Өзүбүзгө жараша кишини шайладык деп айтканыбыз туура эмес. Бир ууч топ баардык нерсени колго алып ар бир шайлоону өзүлөрү каалгандай жасап коюп жатат. Алла ынсаптуу, ыймандуу, башчы насип эткин өзүң!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан