БШК Атыр Абдрахматованы комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотуу чечимин кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы Атыр Абдрахматованы комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Абдрахматова өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабековага Атыр Абдрахматованы орун басарлыктан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча арыз менен кайрылышкан. Бул боюнча баяндаманы комиссиянын мүчөсү Алмаз Асаналиев жасады. Анда Атыр Абдрахматова президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтиргени айтылды. Абдрахматова комиссиянын мүчөсү болуп калат.

Эске салсак, Абдрахматова БШКнын мүчөлүгүнө “Республика-Ата Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн. Ал президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө бир канча жолу мыйзам бузуулар боюнча маселелерди көтөрүп чыккан. Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева президенттик шайлоонун жыйынтыгынын протоколуна кол коюудан баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан